Жээнбеков АКШда жеңишке жеткен хоккейчи бөбөктөрдү президенттик балатыга чакырды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЗимняя Юношеская Олимпиада - 2012. Хоккей. Женщины. Финал
Зимняя Юношеская Олимпиада - 2012. Хоккей. Женщины. Финал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алга-Бишкек" балдар хоккей командасы Чикаго шаарынан Barrington Ice Arena Кубогун алып келе жатышат

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Алга-Бишкек" балдар хоккей командасын Barrington Ice Arena Кубогун жеңиши менен куттуктап, президенттик балатыга чакырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Урматтуу кичинекей достор, ардактуу ата-энелер жана машыктыруучулар! Сиздерди АКШнын Чикаго шаарында жеткинчектер арасында өткөн Barrington Ice Arena хоккей таймашынын чемпиону болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм! Ат жалында, шамал менен тең жарышып өскөн көчмөн элинин келечек жигиттери керемет оюнду көрсөтүштү. Мындай эр-азамат жигиттер жалпы элибиздин сыймыгы! Албетте, бул жеңиште ата-энелер менен уюштуруучу, машыктыруулардын эмгеги зор", — деди президент өз куттуктоосунда.

Эске салсак, 8 жашка чейинки балдардын хоккей командасы Чикого шаарында өткөн турнирде жеңишке жетип, учурда Бишкекке Чикаго шаарынан Barrington Ice Arena Кубогун алып келе жатышат

Хоккейчи бөбөктөр Бишкекке 8-декабрь күнү учуп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0