Сүйүнчү! Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековФинальные соревнования по кок-бору к празднованию Нооруза на ипподроме в Бишкеке
Финальные соревнования по кок-бору к празднованию Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын улуттук оюну Түштүк Кореянын Чежу аралында каралган

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргыздардын көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кыргыздын улуттук оюну Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, жалгыз Кыргызстандын атынан катталган. Бул туурасында ЮНЕСКОнун расмий сайтына да жарыяланды. Ошондой эле көк бөрү оюну тууралуу видео да жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин 2014-жылы көк бөрү оюнун каттоого документтер жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизүү үчүн артка кайтарылган болчу. Ал эми 2013-жылдын 5-декабрында "Манас" эпосу да ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Кыргызстандын маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0