Сапар Исаков көп аялдуулук боюнча пикирин айтты

Жазылуу
Буга чейин Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Сапар Исаков премьерлик кызматындагы 100 күндүгү боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатып, анын алкагында өкмөт башчы журналисттерге көп аялдуулук боюнча кандай ойдо экенин билдирди. 

"Мен эркектердин көп аял алышына каршымын. Өзүмдүн төрт кызым бар", — деди Исаков. 

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрыларын билдиришкен. Бул боюнча Бишкек ШИИБ аалымды чакырып эки жолу аңгемелешүү өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0