Исаков: жол эрежесин бузгандар менен катуу күрөш эми башталат

Жазылуу
Өкмөт башчы эгер атка минер мыйзамы бузса, ал жоопко тартыларын баса белгиледи

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков маалымат жыйын учурунда "Таза коом" долбоорунун иш жүзүнө ашуусу өзүн кудай катары сезген жарандарды ордуна кое турганын билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстандагы жарандардын бардыгы тең укуктуу болушу керек. 

"Таза коом" бардык жарандар бирдей укуктуу экенинен кабар берет. Эгер премьер мыйзам бузса, ал дагы жооп берет. Бул менин карманган принцибим, аны коомго сиңирүүгө даярмын", — деди Исаков. 

Ал ошондой эле "Таза коомдун" алкагында "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашып, жол эрежесин бузгандар менен катуу күрөш эми башталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0