Өкмөт башчы шайлоодо чуу жараткан samara.kg сайты боюнча пикирин билдирди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кайсы бир талапкердин штабына таандык делген www.samara.kg сайты өкмөттүк серверге жайгаштырылганы туурасында мааылмат жарыяланган

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Чуу жараткан samara.kg сайты Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгиздиби же жокпу өкмөт териштирет. Бул туурасында премьер-министр Сапар Исаков журналисттерге билдирди. 

Реализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом” - Sputnik Кыргызстан
Айрым ведомстволор коомчулукка маалыматтарды ачык жарыялай баштайт. Тизме
Kloop.kg жаңылыктар порталы 26-октябрда кайсы бир талапкердин штабына таандык делген мамлекеттик эмес www.samara.kg сайты өкмөттүк серверге жайгаштырылганы туурасында иликтөөсүн жарыялаган. Журналисттер ал сайтта шайлоочулардын өздүк маалыматтары чогултулган деп божомолдошкон. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы веб-сервердин жумушуна сырттан таасир берген эч кандай аракеттер байкалбаганын жарыялаган. 

Исаковдун айтымында, адистер серверге башка жактан кийлигишүү болбогонун тастыктаган. 

"Таза коом" долбоору коопсуз системаларды камтыйт. Учурда атка минерлер документтерди интернеттин ар кыл аянтчаларынан жөнөтүп жатышат, мисалга почтаны айтсак болот. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Биз ар бир жарандын маалыматтарын коргошубуз керек", — деди ал. 

Ошондой эле Исаков атка минерлердин иш кагаздары папкада эмес, документте сакталып анын баары корголгон болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0