Ноокатта 10-класстын окуучусу төрөп, иликтөө башталды

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөргөн аял. Архив
Ымыркай көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында көз жарган

ОШ, 7-дек. — Sputnik. Ноокат районундагы орто мектептердин биринде 10-класста окуган кыз көз жарды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Маалыматка ылайык, алты айлык боюнда бар окуучу кыз Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында көз жарып, ымыркай өлүү төрөлгөн. 

"Кыздын ата-энеси Россияда иштейт. Иликтөө учурунда ымыркайдын атасы да Россияда мигрант экени аныкталды. Окуучу кыз айылда бир туугандары менен жашап келет", — деди Сатарбаева. 

Учурда Ноокат РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0