Исаков: классташым Максим Бакиевдин үйүн сатып алды деген маалымат карандай калп

Жазылуу
ЖМКларга премьер-министрдин классташы делген киши Максим Бакиевге тийиштүү коттедждерди арзан сатып алган деген маалыматтар тараган

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн 100 күндүк ишмердүүлүгү боюнча берген маалымат жыйынында анын классташы делген киши Максим Бакиевдин кымбат баадагы кыймылсыз мүлктөрүн арзан сатып алган деген маалыматка комментарий берди.

Ал макаланы окуп алып аң-таң болгонун айтып, алгач журналисттерди сотко берүүнү ойлонгонун билдирди. Бирок башкалар көндүргөндөн кийин Башкы прокуратурага кайрылып, жарыяланган материалды текшерип берүүсүн өтүнгөн.

"Бул карандай калп. Мен өзүм дагы кызыгып, иликтеп көрсөм классташым делген адам Бишкектеги №5 мектепте окуган экен. А мен болсо Оштон билим алгам", — деди Исаков.

Ал ошондой эле Башкы прокуратура текшерүүнүн расмий жыйынтыктарын жакында жарыялай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0