Кыргызстандагы европалык үлгүдөгү биринчи кардиолог Дамир Осмонов

Ак халатчан "периште": жүрөгү кайра иштеген адам мени көрүп "өлдүм" деп ойлоптур

2603
(жаңыланган 10:17 10.12.2017)
Бегимай Бакашева
Дамир Осмонов Кыргызстандагы европалык үлгүдөгү биринчи кардиолог. Бул кесипке Түркия мамлекетинде ээ болуп, кийин Стамбул жана Алматы шаарларында эмгектенген.

Европанын кардиологдор бирикмесине жана Европанын жүрөк ритми асcоциациясына мүчө болгон жаш окумуштуунун сунуштары бир ай мурда америкалык илимий "Heart Rhythm" журналына англис тилинде жарыяланды.

Ушул тапта Бишкектеги жеке клиникалардын бирин жетектеп жүргөн Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен жолугуп, башынан өткөн кызыктар жана келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

Выпускник факультета медицины Университета Хаджеттепе (Анкара), член ученого совета при Минздраве КР, врач функциональной диагностики, интервенционный кардиолог Дамир Осмонов
© Фото / Бакыт Кулчуманов
Кардиолог Дамир Осмонов: бизде жүрөк оорулары менен иштеген дарыгерлер кардиохирург, аритмолог, анестезиолог болуп бөлүнсө, Европада баарынын кызматын бир эле адам аткарат

— Дамир мырза, алгач европалык үлгүдөгү дарыгер кандай болушу керек, ошону түшүндүрүп берсеңиз?

— Мисалы бизде жүрөк оорулары менен иштеген дарыгерлер кардиохирург, аритмолог, анестезиолог болуп бөлүнсө, Европада баарынын кызматын бир эле адам аткарат. Ал жүрөгү ооруган кишинин дартын аныктап, кандай дарылоо керектигин чечип, операция керек болсо наркозду өзү берип, операция жасап, андан кийин калыбына келтирүү процессин да өзү жүргүзөт. Жүрөктү меджабдууларга өзү тартып, жыйынтыгын чыгарат. Кыскасы, оорулууну баштан-аяк бир эле адис дарылайт.

— Абдан ыңгайлуу экен. Анткени ооруканага барганда улам бир эшикке кезекке туруп жатып убакыт кетет… Түркияда окуган экенсиз, ал жакка кандайча кеттиңиз эле?

— 1999-жылы мектепти аяктап, ошол кездеги мамлекеттер ортосундагы программа аркылуу Анкарадагы Хажеттепе университетинин медицина факультетине тапшырдым. Бул университет Түркиядагы 70ке жакын медициналык окуу жайлардын ичинде биринчи орунда турат. Андан алты жыл билим алгандан кийин TUS деп аталган программанын алкагында беш жылдык ординатуралык даярдыктан өттүм. Ал программага киргендер атайын экзамен тапшырып,  анын жыйынтыгы менен ооруканаларга жумушка кирет. Мен жогорку балл алып Стамбулдагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча Siyami ersek hospital илимий изилдөө институтуна биринчи чет элдик кызматкер болуп киргем. Ал жерде башка дарыгерлердей эле толук кандуу иштегениң менен чет өлкөлүк студенттерге айлык төлөнчү эмес.

Выпускник факультета медицины Университета Хаджеттепе (Анкара), член ученого совета при Минздраве КР, врач функциональной диагностики, интервенционный кардиолог Дамир Осмонов
© Фото / Бакыт Кулчуманов
Кардиолог Дамир Осмонов: 1999-жылы мектепти аяктап, ошол кездеги мамлекеттер ортосундагы программа аркылуу Анкарадагы Хажеттепе университетинин медицина факультетине тапшырдым. Бул университет Түркиядагы 70ке жакын медициналык окуу жайлардын ичинде биринчи орунда турат

— Беш жыл айлык албай кантип жашадыңыз?

— Өзүм иштеген жерде кечки сменге чыкпай калган күндөрү башка ооруканаларда жалданып иштечүмүн. Ошондон анча-мынча айлык алып, жан сактап жүрдүм. Бирок кийин эмгегим акталып, түрктөр менен немистер биргелешип иштеткен ооруканага жумушка кирдим. Ал жакта айлыгы, шарттары эң сонун болчу.

— Чет өлкөлөрдө карьера жасай алган кыргызстандыктардын көбү мекенине кайтып келе бербейт. Сиздин кайрылышыңызга эмне себеп болду?

— Кыргызстандан кетип жатканда кайра келип мекениме кызмат кылам деп өзүмө сөз бергем. Бирок окууну бүткөн кезде Кыргызстанда мен иштей турган шарттары бар бир дагы оорукана жок болчу. Түркияда иштеп жүргөндө бир күнү Казакстандын Алматы шаарындагы Almaty Sema Hospital клиникасынын кардиология бөлүмүн жетектеп бер деген сунуш түштү. Эки айдай ойлонуп жүрүп, акыры макул болдум. Муну мекенге кайтуунун алгачкы кадамдары болсун деп чечтим. Билинбей эле Казакстанда дагы үч жыл иштеп коюптурмун.

— Кандайча Кыргызстандагы жеке клиниканын башкы дарыгери болуп калдыңыз?

— Алматыда жүргөндө мен азыркы иштеп жаткан клиниканы негиздеп жаткан ишкерлер чогуу иштешели деп сунуш кылышты. Мен "жок" дей албадым. Анткени алар мен койгон шарттардын баарына макул болуп, клиниканы  заманбап жабдуу, шарт менен толук камсыздап беришти. Болбосо мен катардагы ооруканада өз билимимди элге толугу менен көрсөтө албайт болчумун.

Выпускник факультета медицины Университета Хаджеттепе (Анкара), член ученого совета при Минздраве КР, врач функциональной диагностики, интервенционный кардиолог Дамир Осмонов
© Фото / Талант Калыкулов
Кардиолог Дамир Осмонов: Алматыда жүргөндө мен азыркы иштеп жаткан клиниканы негиздеп жаткан ишкерлер чогуу иштешели деп сунуш кылышты. Мен "жок" дей албадым. Анткени алар мен койгон шарттардын баарына макул болуп, клиниканы заманбап жабдуу, шарт менен толук камсыздап беришти

— Эми ошол өнөрлөрүңүздү үйрөтүп жаткан шакирттериңиз барбы?

— Албетте, бар, ансыз болбойт да. Учурда жардамчым мен кылгандардын бардыгын жасай алат. Андан ташкары, Билим берүү министрлигинин уруксаты менен клиникада үч жылдык ординатура ачтык. Ал жерде таржыйба топтоого эки ординатор алдык.

— Сизге кайрылган оорулуунун ичер суусу аз калганын билсеңиз кандай абалда болосуз? Өзүнө айтасызбы?

— Мен эч качан ооруга жеңилгим келбейт. Азыр адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөр толтура. Орган алмаштыруу, ири операциялар кымбат турарын түшүнөм. Бирок мен алгач акчасын эмес, өмүрдү сактап калуу жолдорун ойлойм. Жок эле дегенде мен ошол жолдорду бейтаптын өзүнө көрсөтүп берем.

— Сиздин колуңуздан сакайып кеткен адамдар менен жакын мамиледе калган учурлар болобу?

— Албетте, болот. Анткени ал адамдар менен жашоосундагы оор мезгилде таанышабыз, оору менен чогуу күрөшөбүз. Чогуу ыйлап, чогуу сүйүнөбүз… Айрымдарды айлап, жылдап карайбыз. Бул аралыкта жөн гана дарыгер — оорулуу эмес, бири-бириңди жакын адамыңдай көрүп каласың. Мисалы 2012-жылы Алматыда иштеп турганда дарылаган байке ушул убакка чейин жума сайын телефон чалып ал-жайымды сурап турат. Илдет бизди Алматы шаарынын миграция кызматын жетектеп турган кезде тааныштырган. Улам жүрөгү ооруп, иштей албай калганда жубайы мага алып келген. Экөөнүн барбаган кардиологу калбаптыр. Текшерип көрсөм, жүрөгүнүн тамырлары жарабай калган экен, бирок бул жөнүндө ага бир дагы дарыгер айтып бере албаптыр. Ошентип менин сунушум менен Астана шаарына барып, тамырларын алмаштырган. Кийин ал тамырларга тромб тыгылып калганын дагы эч ким билбей, мен аныктагам. Азыр Казакстандын менмендеген клиникаларына көрүнүп чыкса дагы, мага телефон чалып, кеңеш сурайт.

Выпускник факультета медицины Университета Хаджеттепе (Анкара), член ученого совета при Минздраве КР, врач функциональной диагностики, интервенционный кардиолог Дамир Осмонов
© Фото / предоставлено Дамиром Осмоновым
Кардиолог Дамир Осмонов: мен эч качан ооруга жеңилгим келбейт. Азыр адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөр толтура. Орган алмаштыруу, ири операциялар кымбат турарын түшүнөм. Бирок мен алгач акчасын эмес, өмүрдү сактап калуу жолдорун ойлойм

— Жумуштун кыйчалыш учурунда эсте калган ирмемдерден айтып берсеңиз…

— Түркияда иштеп жүргөндө бир оорулууну Тез жардам менен алып келишти. Инфаркт болгон экен, жүрөгү токтоп калыптыр. Дефибриллятор менен жүрөгүн калыбына келтирдим. Ошол замат бейтап көзүн ачты. Ажалдын оозунан адамды сууруп алган мындай мүнөттөрдө дарыгер сүйүнбөй койбойт. Мен жылмайган бойдон аны карап түркчө сүйлөп, ал-жайын сурадым. Бирок ал сүйлөшкүсү келбегенсип башын гана ийкеп койду. Кийин башка дарыгерге "мен ооруканага келип, көзүмдү ачканда бирөө күлүп карап туруптур. Көздөрү биздикине окшошпойт, жүлжүгүйрөөк экен. Өлүптүрмүн, маңдайымда карап турган түркчө билген периште экен деп ойлогом. Көрсө, ал чет өлкөлүк дарыгер турбайбы" деп күлүптүр. Ооруканадан чыгып бара жатканда мага кезигип, ыраазычылыгын айтып кеткен. Ал окуяны азыр эстеген сайын жылмайып коем.

2603
Белгилер:
кадрдиолог, оорукана, Дамир Осмонов
Тема боюнча
Кыргызстандык жаш кардиологдун сунуштамалары америкалык журналга жарыяланды
Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
Пикирлер