Кыргыз авиаколледжи институт болуп өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызского авиационного колледжа им. И. Абдраимова в Бишкеке
Здание Кыргызского авиационного колледжа им. И. Абдраимова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Институтта ата мекендик авиакомпаниялар үчүн адистер даярдалат

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ишембай Абдраимов атындагы кыргыз авиаколледжи институт болуп өзгөрдү. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Кыргызстандагы авиациялык мекемелерге авиация боюнча жогорку билимдүү адистер муктаж болуп жаткандыктан кабыл алынган.

Эми институтта жогорку жана орто кесиптик билим берилип, негизги басым ата мекендик авиамекемелердин тапшырыгы менен адистер даярдалат. Ошондой эле келечекте чет элдик компаниялар үчүн да адистерди тарбиялоо планда каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0