Коммуналдык кызматтар үчүн бирдиктүү эсеп. Бишкекте жаңы долбоор ишке кирди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОплата коммунальных услуг
Оплата коммунальных услуг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча долбоор Бишкектин беш миң калкы бар районуна пилоттук режимде ишке киргизилет

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) "Гибрид почтасы" долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

МККнын алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы пилоттук долбоор үчүн борбор калаанын беш миң калкы бар 5-кичи районун тандап алган. Долбоор кийинки жылдын 1-апрелине чейин жүзөгө ашырылат.

"Гибрид почтасы" — бул коммуналдык төлөмдөрдүн бирдиктүү эсеби. Мунун жардамы менен төлөмдөрдү жөнөкөй жана ыңгайлуу түрдө жүргүзүүгө болот. Тагыраак айтканда, абонентке бардык кызматтар бир кагазга жазылып конверт менен келет. Квитанцияларды бирден келет деп күтпөй каласыз", — деп түшүндүрдү маалымат кызмат.

Долбоорго "КомТрансКом" ЖЧК, "Газпром" ЖЧК, "Бишкексууканал" ӨЭБ, "Мастер Домофон" ЖЧК, "Кыргызлифт" ААК, "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана "Түндүкэлектро" ишканалары катышкан. Ошондой эле ар башка келген эсептерди бирдиктүү формага кошуу үчүн "Кыргыз почтасы" программалык камсыздоону иштеп чыгып, байланыш түйүнүн ачкан. Ага 1929 кыска номери, WhatsApp +996 (703) 20-00-03 жана hybrid@kyrgyzpost.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0