The Calvert Journal Ош — Хорог трассасын ажайып 5 жолдун катарына киргизген

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүОстров Файал
Остров Файал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Памир жолун National Geographic илимий журналы дүйнөлүк үч кооз жолдун бири деп тапкан

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Британиянын The Calvert Journal басылмасы Ошту Тажикстандын Хорогу менен байланыштырган Памир трассасын мурунку социалисттик өлкөлөр айдыңындагы беш ажайып жолдун катарына киргизди. 

Ош — Хорог. Дүйнөдөгү эң кооз жолдордун биринин көрүнүшү
Биринчи орунду Румыниянын Валахия менен Трансильвания облустарын бириктирген Трансфэгэраш шоссеси ээлеген. Экинчи сапта Хорватия менен Черногорияны байланыштырган жол турат. Владикавказ менен Тбилисини бириктирип турган трасса үчүнчү деп таанылган. Новосибирскиден Монголия менен чектешкен жерге чейин алып барган трасса төртүнчү орунду ээлеген. Ал эми бешилтикти Ош, Хорог менен Душанбе шаарларын бириктирген магистраль жыйынтыктайт.

Атагы чыккан тоолуу жолдун узундугу 700 чакырымга жетет. Түштүгү Ош шаарынан башталып, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун борбору Хорог шаары менен биригет. Андан кийин Хорогдон жолдун батыш тарабы уланып Тажикстандын борбор калаасы Душанбеге чейин созулат.

Толугу менен шагыл төшөлгөн трасса Памирдин үч башкы ашууларын басып өтөт — Талдык (3615 м), Кызыл-Арт (4280 м) жана Ак байтал (4655 м). Ош — Хорог жолу 1931-34-жылдары курулган.

Былтыр Памир жолун National Geographic илимий журналы дүйнөлүк үч кооз жолдун бири деп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0