Ош аэропорту "Кошумча курулуш" долбоорун ишке ашыруу үчүн 30 млн. сом коротот

© Фото / Зульфия ТургуноваЗадержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша
Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-декабрда жарыяланган тендердин мөөнөтү 29-декабрда аяктайт

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун Ош шаарындагы филиалы "Ош аэропортуна кошумча курулуш куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аба бекет долбоор үчүн 29 миллион 422 миң 514 сом сарптоого даяр.

Тендер 8-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0