Шоу, эс алуу, жарманке! Мэрия жаңы жылдык программаны жарыялады

Жазылуу
Башкы майрамдык иш-чара салт боюнча 31-декабрда шаардын борбордук аянтында өткөрүлөт

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жаңы жылга карата борбор калаада бир катар иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

14-декабрда "Коломто" муниципалдык мекемесинде жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы өтөт.

Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында бийиктиги 11 метр болгон жаңы жылдык балаты орнотулуп, майрамдык сувенирлерди саткан жарманке уюштурулмакчы.

Новогодняя елка в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Оштун борбордук аянтынын жаңы жылдык жасалгасы кандай болот. Эскиз
26-декабрь — 10:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында 600 жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана майып балдарга жаңы жылдык оюн-зоок уюштурулат.

27-декабрь — 10:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда шаардык мэрия майрамдык иш-чара уюштуруп, ага 1100 бала чакырылмакчы.

31-декабрда болсо Ала-Тоо аянтында 12:00дөн 15:00гө чейин элдик майрам болуп, 20:00дөн 00:00гө чейин ата-мекендик эстрада жылдыздарынын шоу-концерти тартууланат. Ал эми жаңы жылдык салют саат 00:00дө Дайыр Асанов атындагы жеңиш паркында атылат.

Майрамдык иш-чаралар мындан сырткары, билим берүү мекемелеринде, бала бакчаларда, жаңы конуштарда, кичи райондордо жана шаардын сейил бактарында да уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0