Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү
КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеев кант диабетинен 47 жашында дүйнө салды.

Театр жаатында опол-тоодой орду бар актер, режиссердун жасаган иштерине, жетишкендиктерине Sputnik Кыргызстан агенттиги саресеп салып кызыктуу фактыларды топтоду.

Шаардык бала. Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актер, режиссер болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссердун жардамчысы болуп, пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген.

Кыргызский поэт и драматург Жалил Садыков - Sputnik Кыргызстан
Гимн менен "Манастын" автору Жалил Садыков тууралуу 5 факты
Билими, эмгек тажрыйбасы. 1988-1992-жылдар аралыгында Черкасов атындагы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтунун актерлук факультетин бүтүргөн. 1992-1993-жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчулөр театрында иштеген. Ал эми Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келе жатканына быйыл 24 жыл болду.

"Балалыгым театрда эле өттү". Таасирленгенден уламбы, актер болууга абдан кызыктым. Өспүрүм куракта ал оюмдан кайтып, дене тарбия институтуна тапшырам, айыл-чарба тармагында окуйм деп жүрдүм. Мектепти аяктап кесип тандоого келгенде беш секунддун ичинде ал оюмдан кайтып, актерлукту тандадым" деп айтканы бар.

Хоббиси. Актер чыгармачылыктан тышкары, археология менен астрономияга кызыкчу. Ал жылдыздарды изилдеп, телескоп алсам деп кыялданып келген. Археология боюнча казуу иштерине дагы кызыгуусу артып, тоо-таштарга барууну пландап жатканын Sputnik агенттигине берген акыркы интервьюсунда билдирген.

Үй-бүлөсү. Козукеевдин артында эки кыз, бир уулу калды. Улуу кызы Айгерим былтыр декабрь айында тамашоучу Эмил Эсеналиеге турмушка чыккан.

Бүгүн белгилүү актер, режиссер, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Назым Мендебаиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысымын өзгөрткөн Назым Мендебаиров тууралуу 7 факты
Жетишкендиктери. 2002-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамын алган. Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Козукеев койгон Кайрат Иманалиевдин "Коркут Ата" спектакли 2017-жылдын апрель айында Казакстандын Чымкент жана Түркстан шаарларында өткөн эл аралык "Театр жазы-2017" фестивалынан 2-орунду багындырган. Ошондой эле аталган спектакль Түркияда өткөн "Түрк дүйнөсү" эл аралык фестивалында да коюлган. Мындан сырткары, Козукеев режиссерлук кылган "Тумар ханыша" спектакли Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында баш байгеге ээ болгон.

Султан Сулайман болуп кала жаздаган. Кесиптеши Жолдошбек Жанжигит уулу түрктөрдүн "Даңазалуу доор" сериалындагы Султан Сулаймандын үнүнө Марат Козукеев дагы талапкер болгонун айтып калат.

"Конкурска Дүйшөн Байдөбөтов, ыраматылык Мукамбет Токтобаев, Марат Козукеев сыяктуу чоң актерлор катышыптыр. Алардын арасынан Марат байке каралып жаткан экен. Эки-үч жумадан кийин мага телефон чалышып "Жоки, сен дагы келчи, үн тандай албай жатабыз" дешти. Мейли деп үзүндү окуп алып кеткем. Кайра чалып "болбой эле сени бекитишти, куттуктайбыз, келишим түзүп кетиңиз" деп күлүп калышкан" деп Жанжигит уулу Sputnik агенттигине берген интервьюсунда билдирген.

Оорусу. Актердун жакын санаалаштары ал кант диабети менен 2-3жылдан бери жабыркап жүргөнүн маалымдашты. Бирок Козукеев дартын коомчулукка билгизбегенге аракет кылчу.

Марат Козукеевдин көзү тирүү учурундагы маеги менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0