ШИИБ: Чубак ажынын жубайы милицияга арыз жазды

© AFP / PETER STEFFEN / DPAХиджабчан аял. Архив
Хиджабчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнур Жалилованын арызын милиция каттоого алып, териштирүү иштерин баштады

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Чубак ажы Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна жардам сурап кайрылганы чын экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты.

8-декабрда социалдык тармактарга Чубак ажы Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна өзүн жана балдарын күйөөсүнөн коргоону сурап арыз менен кайрылгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Посттун алдына арыздын сүрөтү кошо тиркелген. Аталган факты боюнча милиция териштирүү иштерин баштаган.

"Бүгүн, 9-декабрда Гүлнур Жалилова интернетке жарыяланган арыз боюнча суракка алынды. Натыйжада ал чындап эле "Сезим" кризистик борборуна кайрылганы аныкталды. Териштирүү учурунда Жалилова өзүнүн жана балдарынын өмүрү үчүн коркуп жатканы ырасталды", — деп айтылат маалыматта.

Буга ылайык аталган арыз каттоого алынып, милиция кызматкерлери териштирүү иштерин баштаганы белгиленген. Анткен менен милиция тараткан билдирмеде Гүлнур Жалилова кимден коркуп жатканы көрсөтүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0