Аскар Акаев мекендештери менен жолугуп жатканда жумуртка ыргытылды. Видео

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОткрытие VIII Международного фестиваля Мстислава Ростроповича
Открытие VIII Международного фестиваля Мстислава Ростроповича - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атасына болушкан Бермет Акаева жумуртка ыргыткан кишини сумкасы менен ургулаган

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев 9-декабрь күнү жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет болуп Германиядан мекендештери менен жолугушкан. Иш-чара KyrgyzClub-Germany тарабынан уюштурулуп, бирок ойдогудай өтпөй калган. 

Катышуучулардын арасында Акаевди жактырбагандар да бар болуп чыккан. Алар “Акаев кет” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан. 

​Акаев менен митингчилердин маеги Facebook социалдык тармагынын түз эфири аркылуу көрсөтүлгөн. 

Видеодон иш-чарага келген айрым катышуучулар Акаевдин сөзүн бөлүп, кыргызча сүйлөшүн талап кылганын көрүүгө болот. 

“Башкарбагыла, силер Кыргызстанда эмес демократиялык Германиядасыңар. Кайсы тилде сүйлөгүм келсе, ошол тилде сүйлөйм”, — деп экс-президент билдирген. 

Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады
Ал сөзүн жыйынтыктап, катышуучулар менен коштошуп жатканда айрымдар ага суроолорду узата баштаган. Акаев комментарий бербей турганын айтып, жөнөй бергенде бир киши аны көздөй жумуртканы ыргыткан. Бермет Акаева анын жанына барып полиция чакырарын билдирген. Бирок тиги киши “сенин атаң коррупционер” деп айыптаган. Чуру-чуу маалында Бермет Акаева аны бир нече ирет сумкасы менен койгулаган. 

Кадрда көрүнүп тургандай, нааразы кишинин жанына полиция кызматкерлери келип аны кепке тарткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0