Салыкчылар карызын төлөбөгөн 25 миңден ашуун ишкерди издеп тапты

Жазылуу
Салык төлөбөгөндөр атайын текшерүү иш аракеттеринин жыйынтыгында аныкталган

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы быйыл 11 ай ичинде салык отчетторун бербеген 25 миң 458 ишкерди издеп тапты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен 5 миң 432си — юридикалык жак, 10 миң 321и — жеке ишкер, 2 миң 831и — дыйкан чарба жана 6 миң 874ү — жеке адам.

"Ошондой эле салык органдарында каттоодон өтпөгөн 17 миң 919 субъект аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чаралар ишкерлерди каттоого алуу, көмүскө иш жүргүзгөн чарба субъектилердин салык төлөөдөн качкан фактыларын табуу жана жалган ишкерликке каршы күрөшүънү күчөтүү максатында жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0