Муфтий Токтомушев Чубак ажынын айланасындагы абал боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтомушев туура эмес маалымат таратып, жалган сүйлөнгөн сөз үчүн ар бир адам жооп берерин белгиледи.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткан алдында күнөөкөр болгон жок. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев дин ааламына карата айтылган коомдук пикир боюнча жасаган билдирүүсүндө айтты.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков көп аялдуулук боюнча пикирин айтты
Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов телеберүүлөрүнүн биринде экинчи аял алганын тастыктаган. Аалымдын бул кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир даары Жалиловдун аракетин сынга алса, айрымдар буга дин уруксат берерин айтып чыккан. Экс-муфтийдин экинчи аял алышына укуктук баа берүү үчүн прокуратурага арыз жазылып, Жалилов менен милиция кызматкерлери аңгемелешүү өткөргөн. 

Натыйжада аалым экинчи аял албаганын милицияга билдиргенден кийин анын расмий жубайы Гүлнур Жалилова күйөөсүнөн коргоону суранып "Сезим" кризистик борборуна кат менен кайрылды делген маалымат социалдык тармактарга чыгып кеткен. Посттун алдына арыздын сүрөтү дагы тиркелген болчу. Мындан улам, шаардык милиция Гүлнур айымды суракка алып, ал өзүнүн жана балдарынын өмүрү үчүн чындап эле коркуп жатканын тастыктап, арызын каттоого алган.

Максат Токтомушев кыргыз эли эзелтен даанышмандарын сыйлап, кыйын учурларда бири-бирине жөлөк болуп, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып келгенин белгиледи.

"Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат. Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу. Туура эмес пикир же көз-караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы. Бул үчүн кыямат күнү чоң жоопкерчилик болорун эсибизден чыгарбайлы", — деди Токтомушев.

Муфтий бирөөнүн үй-бүлөлүк маселесин талкуулоонун ордуна мамлекетти гүлдөтүп, экономиканы көтөрүүгө жардам берүү зарылдыгын айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0