Соцтармак кызыктары: тойдун коногун кууган фотограф, бети менен "торт жеген" актер

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквага барып Галкиндин шоусуна катышкан Айпери менен Нурпери
Москвага барып Галкиндин шоусуна катышкан Айпери менен Нурпери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жуманын соңунда кыргызстандык жеткинчектин "Лучше всех" шоусуна катышкан видеосу жарыяланып, көңүл жылыткан жана сыймыктуу окуялардын бири болуп калды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Англиялык атактуу модель, актриса, ырчы жана Болливуд жылдызы Токмоктон клип тартып жатат. Ал эми шоумен Манас Алыкулов турмуштун даңгыр жолуна аттанды. Sputnik Кыргызстан агенттиги социалдык тармактын кызыгуусун жараткан ушул жана башка сүрөт, видеолордун топтомун сунуштайт.

1. Башкадан качып кутула аласың, бирок сүрөтчүдөн эмес! Ар бир тойдо ушундай көрүнүш орун алса керек. Шамдагай фотографтар байкатпай тартып кетет да, бир аздан кийин 15 сүрөттү астыңа таштайт. Алар чаяндай эле жабышат, оңойчулук менен качып кутула албайсың.

2. Шаршемби күнү шоумен, белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов үйлөндү. Ал үлпөт тоюн борбор калаадагы ресторандардын биринде өткөрдү. Эки жашка бакыт каалайбыз!

3. Болливуд Кыргызстандан клип тартты. Болливуддун дагы бир жылдызы Кыргызстанга келип Токмоктон клип тартып жатат. Ал англиялык модель, актриса Эми Жексон экени маалым болду.

4. Галкинге зоологияны окуткан Албанали. Кыргызстандык жеткинчек "Лучше всех" шоусуна катышып, толук эфир жекшембинин кечинде Биринчи каналдан көрсөтүлдү. Албанали юмор аралаштыра сүйлөп залдагыларды күлкүгө бөлөдү. Ошондой эле экзотикалык жаныбарлардын өзгөчөлүктөрүн айтып берип элдин оозун ачырды.

5. Эгиздердин маеги. Москвага барып Галкиндин шоусуна катышкан Айпери менен Нурпери күйөрмандарына келечек пландары туурасында айтып беришти. Нурпери чоңойгондо эл алдына чыгып бийлеп жылдыз болгум келет десе, Айпери андан көрө "айылская-свободная" болуп жүрүш керек деген. Сиз да "айылская" болгуңуз келсе катарга кошулуңуз!

6. Азамат Тауекелди бетке чапканда… Жаш экенине карабай чоң тасмаларга тартылуу менен элге таанылган Азамат Уланов Казакстандын жылдызы Тауекел Мусилимдин туулган күнүнө өзгөчө сюрпиз даярдады. Тагыраагы, ал сыртка чыгары менен таттуу кремди бетине чаптап салган. Тауекел аталган видеону Instagram баракчасына жүктөп, эң эле өзгөчө куттуктоо болгонун белгиледи.

7. Балалыктын бактылуу ирмемдери. Баарыбыз сүйүп уккан "Алтын балалык" ыры орусчага которулду. Ырды музыкант, акын Ксения Бессонная менен ырчы Станислав Пашковский аткарган. Алар ондогон кыргыз ырларын орус тилине которуп жүрүшкөнүн айткан. Алар "негизги максатыбыз — орус тилдүү жарандарга кыргыздын классикага айланган чыгармаларынын маанисин түшүндүрүп берүү" дешет.

8. Тиштелген камчы, белге жеткен өтүк. Ал эми бул бөбөктүн алтын балалыгы "улак тартыш" менен өтүп жатат. Баатырдык билекте эмес, жүрөктө деген ушу.

Жаңылыктар түрмөгү
0