Апта ичинде аба ырайы кандай болот? ӨКМ божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековКар ойноп жаткан балдар. Архив
Кар ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Эртең, 12-декабрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүйдө түнкүсүн —7…-12, күндүз 0…5 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн —10…-15, күндүз —3…+2 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ночной Бишкек. Кадры с высоты птичьего полета - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу максималдуу деңгээлге жетти
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө —1…-6, күндүз 0…5 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Нарында түнкүсүн —12…-17, күндүз 0…-5 градус суук болот.

13-декабрда Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар себелеши мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 14-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0