Бишкек канткенде унаа тыгынынан арылат. Окумуштуулардан 5 ыкма

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвтомобильный затор в день "черной пятницы" в Бишкеке
Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте унаа айдоону жеңилдетүү үчүн жол кыймылын уюштуруунун арзан ыкмасын издеп Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары дүйнөнү кыдырып чыгышкан. Алар менен маек курган Sputnik кабарчысы Асел Минбаева ар бир айтылган сөзгө куштарланып отурду.

Ачыгын айтайын, башта бул материалды даярдоого анча көңүлдөнбөдүм. Автомобилдик тыгын жөнүндө билбегенибиз жок го: жолду кеңейтиш керекпи? Жолдо эрежелерди сактап айдап, тыгын маселесин чечүү зарылбы? Бирок менин маектештерим — техникалык илимдердин кандидаты Кубатбек Муктарбек уулу жана анын кесиптеши, КМТУнун улук окутуучусу Эрмек Кадыров — таптакыр башка нерседен кеп козгошту. Баса, алардын пикирлеши, профессор Таалайбек Маткеримов келе алган жок. Баарлашуунун бешинчи мүнөтүнөн кийин эле окумуштуулардын сунуштарынын пайдалуулугунан эч шегим калган жок! Ооба, каражат жумшабай эле биздин деле жолдордо жасоого болот экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековТехникалык илимдердин кандидаты Кубатбек Муктарбек уулу
Техникалык илимдердин кандидаты Кубатбек Муктарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
1/2
Техникалык илимдердин кандидаты Кубатбек Муктарбек уулу
© Sputnik / Табылды КадырбековКМТУнун улук окутуучусу Эрмек Кадыров
КМТУнун улук окутуучусу Эрмек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
2/2
КМТУнун улук окутуучусу Эрмек Кадыров
1/2
Техникалык илимдердин кандидаты Кубатбек Муктарбек уулу
2/2
КМТУнун улук окутуучусу Эрмек Кадыров

— Сиздердин ыкмаңыздардан улам борбор калаанын Айтматов проспектиси — Ахунбаев, Жибек Жолу проспектиси — Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактар бөлөкчө иштеп калды. Эмне өзгөрдү?

Кубатбек: — Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул демилге дүйнө жүзүндө ишке ашырылган. Өзгөчө,күндүзү элдин агымы токтобогон кесилиштерде (биздеги Ош базарынын айланасы өңдүү) жашыл жарык айдоочуларга караганда жөө адамдар үчүн кыйла эле кыска.

Башкача айтканда, катарлаш бараткан жөө кишилер менен унаалар бир убакта кыймылга кирет, кызыл жарык күйгөндө эл күтөт да, автомобилдер тоскоолдуксуз бурулушат. Ошентип көчө батыраак бошойт. 

— Бул демилгени ишке киргизүү жеңилби?

Кубатбек: — Ал боюнча ооз ача элегимде эле: "Кубат, сен түшүнбөй турасың, Бишкектин тургундары жолдон койлорчо өтөт. Сенин тутумуң жашыл жарыкта жолдон өткөн мыйзамсыйлаар жарандардын арасында гана иштейт" деп киришкен. "Адегенде адамдарга логистиканы камсыздап бергиле, андан кийин сын айткыла" деп жооп берчүмүн.

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаактан ары чапкым келет! Маршруткага түшкөндө "өнөрүңөрдү" үйгө таштай келгилечи
Аталган демилге капысынан ишке киргизилди — жаман айтпай, жакшы жок эмеспи. Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде багыттар көрсөтүлгөн жол чырактар орнотулган. Бирок, тилекке каршы, тыгындар дагы артты. Шаар бийлиги эмне кыларын билбей ойлонуп калгнада бирөө жарымы биздин вариантты эстеген. Эми алар да бул ыкманын иштей турганына ынанышты!

Албетте, эч көйгөйсүз ишке ашып кетти деп айталбайм. Университеттеги кесиптештерибиз да бизге атырылышты: "Силер эмне кылдыңар? Жөө кишилер жолдон өтүүгө үлгүрбөй калууда! Көчөнүн ортосуна жетелекте жашыл жарык өчүп-жана баштоодо". А биз ушуга жетишүүгө ашыкканбыз кубанып жооп бергенбиз.

Биздин жол чырактардын дагы бир башка амалы бар: жөө адамдарга жашыл жарык мурдагыдай 4 секунд эмес, 9-10 секундда өчүп-жанат. Бул адамдар кадамын ыкчамдатып, жолду тезирээк бошотот. Көптөгөн өлкөлөрдө ушундай ыкма иштейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСунушталган ыкмалар Бишкектин айрым көчөлөрүндө колдонулуп келет. Жөөлөр өтчү "жашыл" унаалардын "жашылына" караганда азыраак жанат
Соблюдение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сунушталган ыкмалар Бишкектин айрым көчөлөрүндө колдонулуп келет. Жөөлөр өтчү "жашыл" унаалардын "жашылына" караганда азыраак жанат

— Шаар боюнча курула турган көп кабаттуу өтмөктөрдүн аябай кооз долбоорлорун мэрия бир нече ирет жарыялаган. Ооба, алар укмуш көрүнөт, бирок алардан майнап чыгабы?

Эрмек: — Бишкек андай ыкма үчүн кечигип калды. Алар абдан чоң орунду ээлейт, а бизде жер жетишсиз. Анан да бул аябай кымбатка түшөт. Биз Бишкектин көчөлөрүн тыгындан арылтуу үчүн бекер ыкмаларды дагы пайдаланып бүтө элекпиз. Маселен, жол чырактарынын иштешин биз ойлогондой өзгөртсөк, бир сом да коробойт.

Оң рулдуу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде 2018-жылы оң рулдуу таксилерге тыюу салуу маселеси кайрадан жанданды
Кубатбек: — Айткандарыбызга дайым кулак сала беришпейт. Мэрдин орун басары Геннадий Милицкий бир ирет "Мадина" базарынын аймагындагы Курманжан датка көчөсүн бир аз бошотуу үчүн сунуш айтышыбызды өтүнүп калды. Биз ал тарапта солго бурулуу үчүн атайын тилке уюштургубуз келген. Мындайды Байтик баатыр проспектиси жана Токомбаев көчөсүнүн кесилишинде жасаган элек: бурула тургандарга кошумча орун жаратуу үчүн көк шибер аянтчасы кичирейтилди.

Базардын тушундагы кошумча жол тилкеси боюнча бардык сунуштарды даярдадык, эсептерди жүргүзүп, мэрияга тапшырдык. Бирок кимдир-бирөө биздин айткандарыбызды чийип салыптыр, кымбат баалуу жүргүнчү өтүүчү көпүрө курууну чечишиптир! Ал металлдан жасалган, жанынан жогорку вольттогу троллейбустук чубалгы өтөт. Кудай сактасын, бирок жамгыр жааганда кокус электр зымдарынын учу биригип калса, ким жооп берет?! Биздин демилгелерди ишке ашырууга анча көп каражат деле кетмек эмес, а бул жерде миллиондор сарпталууда. Ошону менен бирге эле натыйжалуулугуна эч ким кепилдик бербейт. 

— Шаарга пайда алып келчү дагы кандай демилгелериңиздер бар?

Эрмек: — Жөө кишилер өтүүчү тилкелер абдан көп суроо жаратат. Ал тилкеге аяк басардан мурун жөө адам: "мен жолдон өткөнү жатам, кое бересизби?" дегендей айдоочу менен бир тиктешип алууга тийиш. Бирок, тилекке каршы, жөө жүргүнчүлөр тилкесинин тушуна машиналарды токтотуп коюшкандыктан, адамдар көп учурда көрүнбөй калат.

Эсиңиздердеби, 2012-жылы Кыргыз-орус славян университетинин Лев Толстой көчөсүндөгү медициналык факультетинин жанынан бир кызды машина коюп кеткен. Анын элесине биз жөө жүргүнчү тилкесине айдоочуларга киши келатканын эскертип турчу жабдыкты – стробоскоп орнотконбуз. Жөө адам атайын баскычты басканда жанат да, өзү автоматтык түрдө өчөт. Аппарат күн батареясы менен иштеп, электр энергиясын да сарптабайт. Эң жагымдуусу — ал биздин усталардын колунан чыккан.

Мэрия шаар боюнча аталган жабдыкты орнотуудан баш тарткан. Алар атайын мамлекеттик стандарттын жоктугуна шылтайт. А бирок башка өлкөлөрдө стробоскоптор бардык жерде колдонулат! 

Кубатбек: — Эгер мамлекеттик стандарт тууралуу кеп козгой турган болсок, анда биздин жөө жүргүнчүлөр тилкесин деле туура эмес чийишет. Бир сызыгы ак, экинчиси сары өңдө белгиленгенин көрдүңүз беле? Эрежеге ылайык, ал толугу менен ак, ортолоруна гана сары түстөгү төрт бурчуктарды кошууга болот.

Эрмек: — Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр тилкеси жол чырак менен жөнгө салынбаган жерлерде гана сызылууга тийиш…

— Эгер мен андай тилкеде кызыл жарыктан өтсөм, машина уруп кетсе, айдоочу айыптуу эмеспи?

Кубатбек: — Жок, себеби, ар дайым жол чырактын белгисине баш ийүүбүз абзел. Баары муну биле беришпейт. Жөө кишилер сызылган тилке менен өтүүгө көнгөн. Бирок машина уруп кетсе, күнөө өздөрүндө.

— Соңку кезде борбор калаада жол чырактарынын саны артты. Бул жакшы көрүнүшпү?

Кайгуул милициясынын унааларынын жаңы көрүнүшүнүн сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман жиберди - Sputnik Кыргызстан
Кайра түзүлгөн Кайгуул милициясынын унаасы кандай болот. Сүрөт
Кубатбек: — Бул шахматты жалаң пешкалар менен ойногондой эле көрүнүш. Башка далай фигуралар бар эмеспи: ферзь, ладья… Ошол сымал эле бул иште да ыкмалар арбын, бирок биз бардык көчөлөргө жол чырак орнотобуз. Маселен, 4-шаардык оорукананын жанындагы кесилишти алалы. Адегенде айланма кыймылды уюштуруу үчүн эксперимент катары бетон тосмолорун койдук. Жыйынтыгын көрдүк, азыр ал жакта кадимки айланма жол тоому пайда болду.

Ушундай эле ыкманы Чолпон-Ата көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине да киргизе алабыз. Ал жакта аянт жетишерлик, мындай айланма жол тоомуна ылайыктуу. Ошондой эле Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишине да туура келет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСолго бурулчулар өз кезегин "чөнтөктө" күтүп турган маалда негизги агым өз кыймылын токтотпой, тоскоодуксуз жолун улай берет
Автомобильный затор в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Солго бурулчулар өз кезегин "чөнтөктө" күтүп турган маалда негизги агым өз кыймылын токтотпой, тоскоодуксуз жолун улай берет

— Коомдук транспорттун иши туралуу да көп суроо туулат. Шаарды маршруттук таксилерден арылтып, көчөлөрдү баарына ыңгайлуу кылабыз деген пикирлер көп айтылып келет. Буга сиздер макулсуздарбы?

Эрмек: — Бул маселе боюнча ири иштерди өткөрүп, натыйжалуулугуна ынандык. Эгер канча жүргүнчү батырарын, жолдо канча орун ээлерин эске алсак, чындап эле Бишкекке маршруткаларга караганда автобустар ылайык. Ошондой эле биз шаардын аялдамаларындагы жарандар арасында да сурамжылоо жүргүздүк. Унаалуу адамдарды да, унаасы жокторду да сурап чыктык.

Кубатбек: — Сурамжылоого катышкан айдоочулардын 67 пайызы эгер коомдук транспорт дурус иштей турган болсо, күн сайын автомобилин айдап чыкпай турушкандыктарын билдиришкен. Анан да эл эгер автобустар ыңгайлуу болуп, ырааттамасына ылайык жүрүп турса, 20 сом төлөөгө да макул. Электр энергиясы сымал, кымбаттаса да, өчүрүшпөсө болду. Ошондой эле айдоочулардын 40 пайызы күнүнө 8 чакырымдан көп айдабагандыгы аныкталды. Бул аралыкты автобус менен басып өтүүгө эмнеге болбосун? Биз эч качан жол тыгын маселесин чече албайбыз, себеби, шаардыктардын баары абдан жаман абалдагы маршруткалар менен жүрүшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЛев Толстой көчөсүндөгү стробоскоп күн батареясы менен иштейт
Стробоскоп на улице Льва Толстого в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Лев Толстой көчөсүндөгү стробоскоп күн батареясы менен иштейт

— Сиздердин демилгени ишке ашыруу эмне үчүн татаал?

Кубатбек: — Бир окуяны айтып берейин. 2000-жылы Бременде (Германиядагы бир шаары — ред.) "шакекченин ичиндеги унаанын жолу башкы деп саналат" принциби боюнча айланып жүрүүчү кыймылды байкагам. Эки жылдан кийин Кыргызстанга кайтып, бул бизге да зарыл экендигине баарын ынандыра баштадым.

Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков унааны ишеним кагазы менен айдоого качан тыюу салынарын айтты
Ошондо бир кесиптешим, досум: "Кубат, кандай болорун айтайынбы? Жети жылдан кийин Россия бул демилгени ишке ашырат, дагы үч жылдан соң — Казакстан. Алардан кийин гана биз" деп айткан эле. Ал жаңылышыптыр. Адегенде чындап эле россиялыктар, кийин казакстандыктар, үчүнчү болуп тажикстандыктар, алардын артынан бир нече жыл өтүп биз ишке ашырдык.

Көчөлөрдү бошотуунун уюштуруу ыкмаларын биз колдонмок тургай, бул багытта ишти баштай дагы элекпиз. Жолду кеңейтип же көпүрө куруунун зарылчылыгы жок, келгиле, адегенде жол чырактарынын ишин жөнгө салып алалы. Бир тыйын сарптабай эле…

Жаңылыктар түрмөгү
0