Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды

Ош шаарында майыптар жаңы конуштуу болушту

163
(жаңыланган 23:33 12.12.2017)
Үйлүү болгон жарандардын бири өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, өзүнүн чыгармалар жыйнагын белек кылды

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигининин иш-чарага катышкан жергиликтүү кабарчысы билдирди.

  • Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды
    Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Жаңы курулган үй Анар кичирайонунда жайгашкан
    Жаңы курулган үй "Анар" кичирайонунда жайгашкан
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Ачкыч тапшыруу аземине вице-премьер Дайыр Кенекеев, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев катышып, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерге колдоо көрсөтүү маанилүү экени айтылды
    Ачкыч тапшыруу аземине вице-премьер Дайыр Кенекеев, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев катышып, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерге колдоо көрсөтүү маанилүү экени айтылды
    © Sputnik
  • Азем учурунда үйлүү болгон жарандардын бири ыраазычылык билдирип, өкмөт мүчөлөрүнө өзүнүн чыгармалар жыйнагын тапшырды.
    Азем учурунда үйлүү болгон жарандардын бири ыраазычылык билдирип, өкмөт мүчөлөрүнө өзүнүн чыгармалар жыйнагын тапшырды.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды

"Жаңы курулган үй "Анар" кичирайонунда жайгашкан, 66 батирлүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ачкыч тапшыруу аземине вице-премьер Дайыр Кенекеев, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев катышып, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерге колдоо көрсөтүү маанилүү экени айтылды.

Азем учурунда үйлүү болгон жарандардын бири ыраазычылык билдирип, өкмөт мүчөлөрүнө өзүнүн чыгармалар жыйнагын тапшырды.

163
Белгилер:
ачкыч, батир, майыптар, Даир Кенекеев, Ош
Тема боюнча
Мугалим, алып баруучу, тикмечи. Майыптыкка моюн сунбаган КР жарандары
Майыптардын реабилитациялык борборуна япон өкмөтү жабдуу берди
Тез жардам кызматкери. Архив

514 кишиден вирус табылып, алты бейтап каза болду. COVID статистикасы

18
(жаңыланган 11:45 15.06.2021)
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 514 кишиден катталып, 367 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 234;
  • Ош шаары – 110;
  • Чүй облусу – 80;
  • Ош облусу – 34;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 17.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 188;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 62;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 20:
  • Баткен облусу – 3.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу - 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 905 адамдын өмүрүн алды.

Стационарларда 2 052 адам дарыланып жатат. Алардын 563ү оор абалда болсо, 100 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

18
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду

Кирпигин 20 сантиметрге чейин өстүргөн кытайлык аял рекордун жаңылады. Видео

80
(жаңыланган 10:26 15.06.2021)
Кытайлык аял кирпигин 20,5 сантиметрге чейин өстүрүп, дүйнөдөгү эң узун кирпиктин ээси аталып, рекорд жаңыртты.

Кытайдын Ю Цзянься аттуу тургуну 2016-жылы дүйнөдө эң узун кирпик өстүргөнү үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда анын кирпигинин узундугу 12 сантиметр болчу.

2021-жылдын 20-майында китептин адистери анын кирпиктерин кайрадан ченеп, жаңы рекордду аныкташкан. Аялдын кирпиктеринин орточо узундугу 20 сантиметр болгон. Бирок алардын арасынан сол көзүндөгү бир кирпиктин узундугу 20,5 сантиметр экени аныкталган.

"Менин кирпиктерим тыным албай өсүп жатканын түшүндүм. Алар узаргандан узарып эле баратат. Кирпиктерим башкалардыкына салыштырмалуу эмне себептен узарып жатканын билиш үчүн дарыгерлерге да кайрылгам. Алар себебин айта алышкан жок, таң калышты", — деди Цзянься.

Аял кирпик боёгучтарды таптакыр колдонбой турганын айтып, узун кирпиктери көзүн боёксуз сулуу көрсөтөрүн белгилеген.

80
Белгилер:
видео, аял, рекорд, Гиннес китеби, Кытай
Тема боюнча
Атаандашын жонуна көтөрүп. Япониялык дзюдочу кыздын кубанткан видеосу