Ош: май алмаштыруучу жайдагы өрт толугу менен өчүрүлдү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттөнгөн жердин жалпы аянты 650-700 чарчы метрге чукул экени айтылды

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул туурасында Spunik Кыргызстан маалымат агенттигине ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.

“Өрттөнгөн жердин жалпы аянты 650-700 чарчы метрдин тегерегинде. Жалын болжол менен түнкү саат 00:30дарда өчүрүлдү”, — деди Бекилов.

ӨКМ өкүлү кырсыктын себеби менен келтирилген чыгым кечирээк эсептелээрин кошумчалады. 

Эске салсак, кечээ, 11-декабрда саат 20:15терде Ош шаарындагы Раззаков атындагы көчөдөгү май алмаштыруучу жайда ири өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүүгө тогуз бригада тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0