Жээнбеков Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө бүгүнтөн тарта башталарын билдирди

© Фото / Алия СамидинКитепканадагы Чыңгыз Айтматовду портрети. Архив
Китепканадагы Чыңгыз Айтматовду портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Залкар жазуучу 12-декабрда Таластын Шекер айылында дүйнөгө келген

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуу жолдоп, улуу жазуучунун кийинки жылы өтө турчу 90 жылдык мааракесин белгилөө бүгүнтөн тарта башталарын билдирди.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. 2018-жылы жазуучунун 90 жылдыгы белгинелет.

"12-декабрь — Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат. Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны. Айтматов — доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү", — деп айтылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Биз дүйнөнү өзгөрттүк! Айтматовдун туулган күнү белгиленет
Андан сырткары, Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөртүп, элдин көз карашын, дүйнө тааным чабытын кеңейткени айтылат.

Өлкө башчы ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктап, бул майрам улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнө майрамы экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0