WhatsApp мессенжери. Архивдик сүрөт

WhatsApp ыңгайлуу жаңы функцияларды тестирлөөдөн өткөрүп жатат

573
(жаңыланган 19:39 13.12.2017)
Функциялар жакынкы күндөрү тиркеменин жаңылануусунан кийин пайда болот

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Популярдуу WhatsApp мессенжеринин жаңыланган версиясына бир нече функциялар кошула турганын тиркемелердин жаңы опцияларын ачыктап келген WABetainfo порталы жазды. 

Маалыматтарга караганда, мессенжерге контакт аркылуу кирип эле ага билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Android системасынын колдонучууларына жаңы опция сунушталат, бул жабык группалардын администраторлоруна жаңы катышучууларды шилтеме аркылуу чакырууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Мындан сырткары, кандайдыр бир ыңгайсыздыктар болсо мессенжердин маалыматтык колдоо кызматына билдирүү жөнөтүүгө болот.

Бул кызматтар жакынкы күндөрү тиркеменин жаңылануусунан кийин пайда болоору айтылат.

573
Белгилер:
мобилдик тиркеме, WhatsApp
Тема боюнча
Сак бол! Android системасындагы вирус банк картасындагы маалыматтарды уурдай алат
Facebook тармагында таанышуу үчүн өзгөчө функция пайда болду