Жаңы жыл алдында муктаждарга кантип жардам беребиз? Кайрымдуулук фонддордун тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенская исправительная колония № 2 в селе Степное
Женская исправительная колония № 2 в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын аялуу катмарына жөнөкөй оюнчуктардан тарта акчалай жардам дагы бере алышат.

Кайрымдуулук менен алектенген көпчүлүк фонддор жаңы жылдык майрамдардын алдында түрдүү иш-чараларды уюштуруп, муктаждарга кол сунат. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеп чыкты.

"Биринчи балдар хосписи"

Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында майыптар жаңы конуштуу болушту
Фонд оор илдеттен жапа чеккен балдар менен үй-бүлөлөргө медициналык, материалдык жана психологиялык колдоо көрсөтөт. Кайрымдуулук кылгысы келгендер тамак-аш, гигиеналык каражаттарды алып келип, акчалай жардам бере алат. Уюм "Asanbay" заманбап искусство борборунда 16-декабрда жаңы жылдык кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт. Анда шаар тургундары түрдүү белектерди сатып алса, түшкөн акча балдарды дарылоого сарпталат.
Дареги: Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 71а
Телефону: 0550 05 04 40

"Babushka Adoption"

Фонд жашы улгайып калган адамдар менен иш алып барат. 19-декабрда 100 пенсионерге жаңы жылдык тамак берилет. Каалоочулар төшөктө жаткан жана социалдык абалы начарларга азык-түлүк, кышкы кийим-кече бере алат.
Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 39
Телефон: 0312 48 64 91

"Помогать легко"

Онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга колдоо көргөзгөн мекемеге жарандар акчалай жардам бере алат. Чогултулган каражат дары-дармек менен медициналык кызмат көрсөтүүгө кетет.
Дареги: Бишкек шаары, Жаш гвардия булвары, 71а
Телефон: 0556 400 400

"Элим барсыңбы?"

Учурда фонд жалгыз бой жана көп балалуу энелерге көмүр таратып жатат. Колу ачык адамдар тамак-аш, кийим-кече жана балдарга оюнчук, китеп тапшырса болот.
Дареги: Бишкек шаары, "Тунгуч" кичирайону, Исакеев көчөсү, 17/3.
Телефон: 0772 002 015

"Help the Children – SKD"

Коомдук кайрымдуулук фонд онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык илдет менен ооруган балдарга кол сунат. Уюм 25-декабрда кан оорулары менен жабыркаган бөбөктөр үчүн жаңы жылдык кече өткөрөт. Жашоо үчүн күрөшкөндөргө тамак-аш, кийим-кече белек кылса болот.
Дареги: Бишкек шаары, Саякбай Каралаев көчөсү, 26/1
Телефон: 0312 90 51 78

Жаңылыктар түрмөгү
0