Жанар Акаев 31 жашта! Депутат тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисты Кыргызстана в лицах
Журналисты Кыргызстана в лицах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 31 жашка толду

Эл өкүлү 1986-жылдын 13-декабрында Ош облусуна караштуу Алай районунун Кабылан-Көл айылында туулган. Жаш саясатчы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу 6 фактыны окурмандарга сунуштайт.

Акын Аалы Туткучевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кара жаак акын Аалы Туткучев тууралуу кызыктуу 9 факты
Тестиер саясатчы. Жанар Акаев мектепте окуп жүргөндө эле айылга жеткен саясий гезиттерди калтырбай окуп чоңойгон. Ошол кездеги депутат, министрлердин аттарын жатка билип, айылдагы саясатка кызыккан улуу кишилер менен сүйлөшкөндү жактырган. Жадагалса классташтарынан куралган баскетбол командасын "Карапайым Эл" деп атап алганын мугалимдер азыркыга чейин айтып күлүшөт. Мектебининде президенттик милдетти аткарган.

Студент кездеги дүбүрт. Жанар Акаев Ош мамлекеттик университетинде журналистика факультетин аяктаган. Бул кесипти тандоосуна анын мектептеги кыргыз тил сабагынан берген мугалиминин кеңеши себеп болгон. Эл өкүлү студенттик жылдарында алгач гезитте, андан соң студенттик телестудияда, ал 3-курстан тарта "Азаттык" радиосунун Оштогу кабарчысы болуп иштей баштаган. Жогорку окуу жайды аяктап, диплом алган күндүн эртеси Бишкекке көчүп келген.

Журналистикадан маалымат катчылыкка жол. Журналистикада жети жыл жүргөндөн кийин мамлекеттик кызматка келип, президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп дайындалган. Ал эми алты айдан кийин КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп келген. Ошентип Акаев 29 жашында депутаттык мандатка ээ болгон. 

© Фото / Уланбек АсаналиевЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев

Саясатка баруу чечими. Журналист катары саясий окуяларды чагылдырып жүрүп, адилетсиз көп нерселерди көргөн соң саясатка жигердүү аралашуу чечимине келген. "Саясатчы Исмаил Исаков камалганда Алайда өткөн нааразылык акцияларында милициянын энелердин колун кайрып, боз үйдү чечип ыргытканын, 2010-жылы 6-апрелде Таластагы окуяларды жеринен көрүп, саясатка барганда адилетсиздикке ар дайым каршы турууга максат койгондугун", — деген жайы бар.

Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саясатка кызыкпайт, өлкөдөн кетпейт. Кыргызстандык жаштар жөнүндө 10 факты
Мыйзам жана шайлоочулар. Жогорку Кеңеште онго чукул мыйзамдын кошумча автору. Жеке өзү мыйзам чыгаруу ишмердигине караганда эл өкүлчүлүк милдетин көбүрөөк аткарып, аймактарды кыдырууну туура деп эсептейт. Парламентте өзүнүн пикири бар жана көз карандысыз депутат катары белгилүү. Бир дагы депутаттык артыкчылыкты колдонбойт.

Үй-бүлөсү. Сегиз бир туугандын кичүүсү. Бир туугандары саясаттан алыс адамдар. Эки уулу бар. Ал кыргыз коомунда курч, жаңычыл журналист жана эл таламын талашкан парламентарий катары сыпатталып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0