Депутаттар мектепте смартфон колдонууга тыюу салууну сунуштап жатышат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОбучение детей мигрантов в Москве
Обучение детей мигрантов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтин автору окуучу кыздарга кыска, денеге чапташкан кийим кийүүгө дагы бөгөт коюуну демилгеледи

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы бардык мектептерде окуучуларга смартфон колдонууга тыюу салууну сунуштап жатат.

Бул токтомдун долбоорун талкууга депутат Махабат Мавлянова алып чыкты.

"Ата-энелер эч нерсеге карабай балдарына уюлдук телефон сатып берип жатышат. Азыр ал аркылуу интернетке чыгып, фото жана видео тартууга болот. Ошондой эле балдар виртуалдык жашоого тартылып, зомбулук, мыкаачылык, порнографияны ээн-эркин көрүшүүдө", — деди Мавлянова.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Рыскулова: Бишкекке план боюнча 18 мектеп салынышы керек
Депутаттын пикиринде балдардын сабак учурунда дагы телефон колдонуусу жакшы окуусуна терс таасирин тийгизип жатат. Мавлянова балдар мектепке кирип келе жатканда телефондорун сактоого берип, билим берүү имаратынын аймагында колдонбошу керек деп эсептейт.

Ошондой эле документтин автору окуучу кыздарга кыска, денеге чапташкан кийим кийүүгө, ал эми жалпы окуучуларга сүрөттөрү бар, айрык жинсыларды тыюу салууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0