Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга эмнеге берилди. Өкмөттүн түшүндүрмөсү

© SputnikПансионат "Золотые пески" в селе Бостери Иссык-Кульского района
Пансионат Золотые пески в селе Бостери Иссык-Кульского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим 1994-жылдын 24-декабрында кабыл алынган кыргыз-өзбек түбөлүк достугу боюнча келишимдин алкагында ишке ашты

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты убактылуу колдонууга берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

"Мындай чечим 1994-жылдын 24-декабрында кабыл алынган кыргыз-өзбек түбөлүк достугу боюнча келишимдин алкагында ишке ашты. Аталган документ туризмди өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Убактылуу колдонууга төмөнкү пансионаттар берилди:

"Бостери" пасионаты (Бостери айылы, мурдагы "Золотые пески")

"Алтын-Жай" пансионаты (Кара-Ой айылы, мурдагы "Рохат-НБУ")

"Эне-Сай" пансионаты (Кара-Ой айылы, мурдагы "Дилором")

"Бустон" пансионаты (Күн-Чыгыш айыл аймагы, Тоң району).

Документке ылайык Өзбекстанга өткөн жерлер Кыргызстандын менчиги бойдон калып, коңшу өлкөгө убактылуу колдонууга гана берилди. Ал эми өзбек тарап берилген убакыт аралыгында пансионаттарды күнү-түнү иштеген 3 жана 4-жылдыздуу отелдерге айландыруу милдетин мойнуна алды.

Ошондой эле пансионаттардагы жумушчулардын 80 пайызы кыргыз жарандары болушу керек деген шарт коюлду. Келишимдин алкагында өзбек тарап эл аралык арбитраждык соттон доосун чакыртып алмакчы. 

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Минск - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы салык келишимин мыйзамдаштырды
Мындан тышкары, аталган документ өзбекстандык туристтердин агымын күчөтүп, эки тараптуу достук мамилени чыңдоого шарт түзөт.

Баса белгилей кетчү жагдай, пансионаттардын курулушу мультипликативдүү эффект жаратып, салыктын көлөмүн көбөйтүү менен бюджетке кошумча киреше алып келет. 

Эскерте кетсек, 2016-жылдын апрель айында Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионат Кыргызстандын менчигине өткөн.  

Мындай чечим 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде кабыл алынган. Ага ылайык, СССР кулаганга чейин колдонулуп келген объектилер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0