Бишкекте жаңы таштанды полигону эмнеге ачыла электиги айтылды

Жазылуу
"Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорунун байкоочу кеңешинин жыйыны өттү

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жаңы полигон курула турчу жер азыркыга чейин аныкталбагандыктан анын курулушу кечеңдеп жатат. Мындай пикирин "Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорунун башчысы Альмира Гиянуллина билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында аталган долбоордун байкоочу кеңешинин жыйыны болуп жатат.

"Жаңы полигон кайсы жерге курула турганы азыр аныктала элек. Андыктан аны куруу иштери эки жылдан бери создуктурулуп келет. Жер так аныкталбагандыктан подрядчик компания дагы курулуш иштерин баштай элек", — деди ал.

Жалал-Абаддагы адам өмүрүн алган айнек тоонун асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы адам өмүрүн алган айнек тоонун асмандан көрүнүшү
Долбоордун консультанты Марис Бремштин айтымында, келишимдер кармалып жатат. Бул өз кезегинде долбоордун ара жолдо калуусуна чоң коркунуч жаратууда. Анткени Бишкек мэриясы келишим боюнча таштандыларды кабыл алып, аны рекультивациялай турчу "БСП" муниципалдык ишканасынын милдетин "Тазалык" ишканасына бөлүштүрүп салган. Ошентип долбоорду ишке ашыруу татаалдашып кеткен.

Ал эми Корпоративдик өнүгүү программасынын жетекчиси Янис Пролс полигон курула турчу жер 2015-жылы эле аныкталганын, бирок мэрия аны документтештирип, тууралоо иштерин создуктуруп жатканын кошумчалады.

"Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууну каржылоо боюнча Кыргызстан менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен 2013-жылы 10-майда кол коюлган. Кийин дагы кошумча гранттык келишим түзүлгөн. Жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруу үчүн 22 миллион евро бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык таштанды салуучу контейнерлердин ордун куруу, жаңы контейнер челектерди сатып алуу, санитардык полигон үчүн жана "Тазалык" ишканасы үчүн жаңы техникаларды сатып алуу, ошондой эле жана жаңы таштанды полигонун салуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0