Табигый балатыны Бишкектин кайсы жеринен сатып алса болот. Даректер

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалаты. Архив
Балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия балаты сатып алгандарды жаңы жылдан кийин шаарды жашылдандыруу максатында кайра Гейдар Алиев атындагы паркка отургузууга чакырууда.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эртеңден, 15-декабрдан тарта борбор калаада балаты базары иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы жылдык табигый балатыларды төмөнкү даректер боюнча барып алууга болот:

— Ташкент көчөсү, 17 ("Зеленстрой" ишканасынын имараты);

— Шабдан баатыр менен Медеров көчөлөрүнүн кесилиши;

— Чүй проспектиси менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилиши (ТЭЦ району).

"Шаардыктар жарманкеде балатынын ар кандай түрүн ыңгайлуу баада тамыры жана топурагы менен сатып ала алышат. Кийин аларды отургузуп койсо болот. Туура отургузуунун жол-жобосун сатуучу-консультанттар түшүндүрүп беришет", — деп жазылат маалыматта.

Мэрия балаты сатып алгандарды жаңы жылдан кийин шаарды жашылдандыруу максатында Гейдар Алиев атындагы паркка кайра отургузууга чакырууда. Балатылар жарманкеси 31-декабрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0