Жаңы жылдык жасалгага Бишкек мэриясы канча акча жумшай турганы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовУстановка главной новогодней елки в Бишкеке
Установка главной новогодней елки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-31-декабрь аралыгында өтө турган жаңы жылдык иш-чараларга 3 миллион 454 миң сом сарпталат

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкектеги жаңы жылдык иш-чараларды уюштурууга былтыркыга салыштырмалуу 12 эсе көп каражат кетет деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүгөкараганда, 15-31-декабрь аралыгында өтө турган жаңы жылдык иш-чараларга 3 миллион 454 миң сом сарпталат.

Каражат төмөнкү багыттарга жумшалат:

Жарыктандыруу, үч LED экран жана лайер (темир конструкция) — 1 миллион 800 миң сом;

Режиссердук топ, маданий коллектив, артисттер, үн жаздыруу кызматы жана жаңы жылдык костюмдар — 600 миң сом;

Жаңы жылдык фейерверк — 500 миң сом;

Сахнаны көркөм жасалгалоо — 394 миң сом;

Видео жана промо-ролик даярдоо (башынан аягына чейин) — 140 миң сом;

Биоажаткана ижарасы — 20 миң сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0