Кыргыз-өзбек бир тууган! Эки элдин катышын күчөткөн жаңы келишим

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A330
Самолет Airbus A330 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда транспорттук кызматташуу жаатында пайдалуу келишимдер түзүлдү

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. 23-декабрдан тарта Кыргызстандын жеке авиакомпанияларынын бири Бишкек — Ташкент каттамын аткара баштайт. Бул тууралуу президент Сооробай Жээнбековдун Ташкент шаарына болгон иш сапарынан кийин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Министр иш сапар учурунда өзбек тарап менен транспорт жаатында дагы кандай макулдашуулар болгонун санап берди.

2018-жылдан баштап Ташкент — Ош, Ош — Ташкент авиакаттамдары ишке кирет. Аларды эки өлкөнүн компаниялары тең бөлүп аткарат;

— 2018-жылы Ташкент — Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы ачылат. Бирок азырынча жайкы сезонго гана ылайыкташты;

— Жаңы жылдан баштап Ташкент — Анжиян — Ош — Эркечтам — Кашкар багыты боюнча жүк ташуучу унаалар каттамы жанданат. Бул жүрүштү сыноо иретинде ушул жылдын октябрь айынын аягында министр Калиловдун катышуусунда унаалар аталган жолду бир ирет басып өткөн;

— Жалал-Абад — Ташкент — Бишкек темир жол каттамын кайра баштоо максатында адистер анализ жүргүзө баштады;

— Мурда каттап жүргөн Ош — Кокон, Ош — Анжиян, Ош — Фергана каттамы жана Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлектен Ташкент аркылуу Бишкекке келген автобустарды кайрадан жүргүзүү маселесин өзбек тарап колдоого алды.

Мындан тышкары, Кыргызстандан Өзбекстанга жүк алып кирген унаалардан алынган салыктарды жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр башталганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0