Кыздарды аздектейли! Sputnik кабарчысы Исмаил Мамытов эссе сынагында 2-орун алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов
Журналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка 35 жашка чейинки жигиттер катышып, 50дөн ашуун эмгек жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Исмаил Мамытов кыздарды аздектөө, коргоо жана кадыр-баркын көтөрүү максатында уюштурулган "Кыздарыбызды аздектейли" аттуу ыр жана эсселер сынагында 2-орунду ээледи. Бул туурасында "Жигер" чыгармачылык борборунун жетекчиси Улукбек Омокеев билдирди.

Анын айтымында, сынакка 35 жашка чейинки жигиттер катышып, 50дөн ашуун эмгек жөнөтүлгөн. Иш-чара кыздарга арналгандыктан калыстар тобу да Зинакан Пасаңова, Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева, Өктөм Калыева, Нарсулуу Гургубаева сыяктуу жалаң чыгармачыл айымдардан түзүлгөн.

"Бул сынакка атын атагысы келбеген адам демөөрчүлүк кылып байге фондусуна 100 миң сом бөлүп берген. Аягында калыстардын сунушу менен алдыңкы орундар экиден бөлүп берилди", — деди Омокеев.

Ыр сынагында:

1-орун — Эсеналы уулу Керимбек "Сакташ керек"

1-орун — Жолболду Султанбек уулу "Сый жоголду"

2-орун — Иманбек Азизилла уулу "Кыздарыбыз карегибиз"

2-орун — Акбар Жанышбеков "Кечирим суроо"

3-орун — Келечек Кубатбек уулу "Эжекем ай"

3-орун — Кубаныч Кожомберди уулу "Апам жана менен"

Эссе сынагында:

1-орун — Ныяз Ташматов "Аял — эне, аял — үйдүн куту"

1-орун — Бекболсун Молдояр уулу "Чыдап көтөр"

2-орун — Марат уулу Нуристан "Кыздарыбызды аздектейли"

2-орун — Мамытов Исмаил "Шоола"

3-орун — Акжол Дооронбек уулу "Ошол учур"

3-орун — Бекмурат Келдибаев "Сиз менин эжем да апам да"

Мамытов "Шоола" аталышында эссе жазып, анда аялзатысыз жашоо караңгы, үйдүн куту жок экендигин белгилеген. Ошондой эле сүйүү жашоодогу эң чоң бакыт болоруна токтолуп, ааламда айымдардын орду алмашкыс экендигине басым жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0