Жаңы жылдык костюм кийген аниматор. Архив

Бишкектеги жаңы жылдык костюмдарды ижарага берчү жайлар. Баасы

297
(жаңыланган 10:18 17.12.2017)
Жаңы жылды утурлай балдар бакчасынан тарта мектептерге чейин майрамдык балатыга даярдыктар көрүлө баштады. Бөбөктөр жан-жаныбарлардан баштап мультфильм каармандарына чейинки образдарды жаратып, өзгөчө кийим киет.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ата-энелер үчүн жаңы жылдык костюмдардын бааларын жана даректерин, телефондоруна чейин тактап көрдү.

"Фея"

Дареги: Тыныстанов көчөсү, 122. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. 4-кабат
Курагы: 2-15 жашка чейин
Бир күндүк ижара акысы: 350 сомдон өйдө
Байланыш телефондору: 0556 88 00 02, 0553 88 00 02

"Мир сказок"

Дареги: Абдрахманов көчөсү, 230. Муса Жангазиев атындагы куурчак театры. 1-кабат;
Орто-Сай базары, "Бимаг" дүкөнү
Курагы: 3-15 жашка чейин
Бир күндүк ижара акысы: 300 сомдон өйдө
Байланыш телефондору: 0312 88-37-02, 0771 55-60-77, 0771) 33-27-91.

"Фатима"

Дареги: Акылбеков көчөсү, 40. (ТЭЦ аймагы)
Курагы: 3-12 жашка чейин
Бир күндүк ижара акысы: 350-1000 сомго чейин.
Байланыш телефондору: 0555 92 04 35

"Ирина"

Дареги: Тыныстанов — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши, 8-үй, 48-квартира.
Курагы: 3-10 жашка чейин
Бир күндүк ижара акысы: 300-500 сомго чейин
Байланыш телефондору: 0555 21 12 37

"Фунтик"

Дареги: Горький көчөсү, 1 г. "Таш-Рабат" соода борбору
Юнусалиев көчөсү, 40 а. "Космопарк" көңүл ачуу борбору
Курагы: 2-15 жашка чейин
Бир күндүк ижара акысы: 400-2000 сомго чейин
Сатуу: 500-1000 сомго чейин
Байланыш телефондору: 0700 23-87-77, 0555 89 72 10, 0554 25 87 77.

Artfly

Дареги: "Аламүдүн-1" кичи району, "Арзан+" соода борбору, 2-кабат
Курагы: 3-15 жашка чейин
Бир күндүк ижара акысы: 300 сомдон өйдө
Байланыш телефондору: 0557 47-07-11, 0701 58-00-27.

"Карнавал"

Дареги: Киев көчөсү, Bishkek Park соода борбору;
Юнусалиев көчөсү 177/2, Beta Stores 2 соода борбору;
Чүй проспектиси, "Детский мир" соода борбору;
Чүй проспектиси, Beta Stores 1 соода борбору;
Чыңгыз Айтматов проспектиси, Asia Mall соода борбору.
Курагы: 1-14 жашка чейин
Баасы: 500 сомдон өйдө
Байланыш телефондору: 0772 11-30-47

"Волшебный сундучок"

Дареги: Горький көчөсү 2 — 1, "Технопарк" көңүл ачуу борбору, 2-кабат
Курагы: 3-12 жашка чейин
Баасы: 500 сомдон өйдө
Байланыш телефондору: 0550 80-92-80, 0555 87-25-55

297
Белгилер:
Бишкек, Жаңы жыл, дүкөн, майрам, костюм
Тема:
Жаңы жыл 2018 (43)
Тема боюнча
Жаңы жылдык жасалгага Бишкек мэриясы канча акча жумшай турганы айтылды
Өлкөдөгү эң кымбат жаңы жылдык балаты кайсы шаарга коюлат? Рейтинг
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив

Сапар Исаковго издөө жарыяланды. ШИИБ Инандыга паспорт берүү ишин тергеп бүттү

6
(жаңыланган 19:30 18.09.2021)
Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелер ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы Сапат лицейлер мектебинин президенти Орхан Инанды жана Түркияда туулган он адамга кыргыз паспортун берүү фактысы боюнча тергөөнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Кечээ аталган кылмыш иши боюнча абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы шектүү катары кабарлама тапшырылган.

Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелери ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен.

"10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген", — деп билдирди ШИИБ.

Бул кылмышка шектелип жатканы туурасында мурдагы премьер Сапар Исаковго, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге, УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиевге, Калктын жарандык абалынын актыларын жана калкты каттоо департаментинин экс-директору Дүйшөн Сатыбалдиевге, Мухаббат Пратовага, Г. М. Бердигуловага, Э.М. Апиловго кабарлама берилген.

Исаков менен Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

ШИИБ Атамбаевге 15-сентябрда 319-берене ("Коррупция") боюнча шектүү катары кабарлама тапшырылып, 16-сентябрда айыптоо актысы чыгарылганын белгиледи. Тергөөнүн материалдары Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

6
Белгилер:
Орхан Инанды, Түркия, жарандык, кылмыш иши
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу
Тема боюнча
Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүү: дагы бир кызматкер камакка алынды
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш