Май куюучу жайларга кантип алдатпаш керек? Адис сунуштаган ыкмалар

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУнаага май куюп жаткан адам. Архив
Унаага май куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин май куюучу жайларда иштеп кеткендер купуялык шартта айрым МКЖлар атайын жабдуулардын жардамы менен кардарларга бензинди толук куйбай коюшарын айтып берген

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы башчысы Жумакадыр Акенеев май куюучу жайлардан алданып калбаш үчүн эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДоктор экономических наук Жумакадыр Акенеев
Доктор экономических наук Жумакадыр Акенеев  - Sputnik Кыргызстан
Доктор экономических наук Жумакадыр Акенеев

Ага ылайык, айдоочулар бензиндин толук куюлбай калганын жана майдын сапатынын төмөндүгүн дайыма эле текшере албайт. Ошентсе да айрым жөнөкөй ыкмалар менен алданып калуудан сактанса болот.

— Бензинди канистрге куйгула. Акенеев айрым май куюучу жайлар (МКЖ) канистрге май куюп берүүдөн качышарын айтат, себеби алдамчылыгы ачыкка чыгып калат деп кооптонушат. Ал МКЖга машина менен келип, майды бакка эмес, атайын идишке куюуну сунуштайт.

— Май куюучу пистолеттин тунук желимден жасалган жеринде көбүктөрдүн пайда болбошун карап туруу керек. Эгер пайда болсо, бензобакка аба да кирип жатат дегенди түшүндүрөт.

Күйүүчү май куюлган канистрлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстанга Кыргызстандан жылына 100 миң тонна күйүүчү май мыйзамсыз өтөт
— Шек туудурган МКЖдан же башка жерден май куйбаш керек. Себеби алар аткезчилик жол менен алынган бензинди сатышы толук мүмкүн. Ошол эле учурда башка суюктуктарды да аралаштырып жибериши ыктымал.

— Бензиндин сапатын текшерүү үчүн аны көз карандысыз лабораторияга берсеңиз да болот. Кыргызстанда мындай лабораториялар Бишкекте, Кантта, Кара-Балтада, Ошто жана Жалал-Абадда бар.

Эгер сиз май аз куюлганын шекшип калсаңыз колдонуучулардын укугун коргогон органга кайрылып, же далилдер болсо май куюучу жайды сотко берсеңиз болот.

"Ар бир жаран сапаттуу бензин алууга толук укуктуу", — деди Акенеев.

Буга чейин май куюучу жайларда иштеп кеткендер купуялык шартта айрым МКЖлар атайын жабдуулардын жардамы менен кардарларга бензинди толук куйбай коюшарын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берген. 

Акенеев өз кезегинде айрым МКЖларда атайын программа орнотулганын, ал бензоколонканын таблосунда башка сан, куюлган бензиндин көлөмүн башка кылып көрсөтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0