Чоң-Алайдагы жер титирөө: там-ташы бүтпөй калгандарга мобилдик үй берилип бүттү

© Фото / пресс-служба МЧС КРМЧС в день будет оборудовать 15 контейнеров под мобильные дома
МЧС в день будет оборудовать 15 контейнеров под мобильные дома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 96 даана мобилдик турак жай жеткирилди

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-майда болгон жер титирөөдөн турак жайы жабыркап, кыш мезгилине карата бүтпөй калган 116 үй-бүлө бар экени аныкталып, алардын бардыгына мобилдик үй берилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

30-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жана орун басары Равшанбек Рысбаев баштаган ӨКМдин жетекчилери Чоң-Алай районуна иш сапар менен барып, жер титирөөдөн турак жайы жабыркагандар менен жолугушкан.

"30-ноябрдан 13-декабрга чейин ӨКМ тарабынан 96 даана мобилдик үй там-ташы жабыркагандарга жеткирип берилген. Алардын ичинен бирөө — үч бөлмөлүү, 66сы — эки бөлмөлүү, 29у — бир бөлмөлүү. Кээ бир үйлөргө экиден үй бүлө кирген. Мобилдик үйлөргө жалпысынан 103 үй-бүлө жайгаштырылды. Ал эми жергиликтүү бийлик айрым үй-бүлөлөрдү пайдаланылбай турган бош үйлөргө, жакындарынын, туугандарынын үйлөрүнө көчүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 3-5-май күндөрү Чоң-Алай районунун аймагында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 642 үй жабыркаган. Турак жайлары толук бүтпөй калган жарандарга убактылуу баш калкалоого шарт түзүп берүү максатында Чоң-Алай райондук жана Жекенди айыл аймагынын Жарандык коргонуу комиссиясы объектилерди жана турак жайга муктаждарды аныктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0