БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ош шаарында "Кыргыз жайыты" улуттук ассоциациясы тарабынан уюштурулган жайыт пайдалануучулардын республикалык семинары өтүүдө. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары кабарлашты.
Семинарда өлкөдөгү жайыт маселеси боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2018-жылга карата иш планы бекитилет. Ошондой эле жайыт комитеттеринин жана райондук жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын дараметин көтөрүү маселеси каралууда.
Катышуучуларга гранттык каражаттарды алуу үчүн эл аралык донордук уюмдарга кайрылуу, аларды өздөштүрүү боюнча да сабактар өтүлүүдө.
Эки күнгө созулган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн айыл-чарба кызматкерлери жана АРИС адистери катышып жатат.