Ымыркайды кучактаган ата. Архивдик сүрөт

Кызым, бөпөм! Өмүрдүн таттуулугун, күндүн жылуулугун сенден сездим…

1091
(жаңыланган 18:32 18.12.2017)
Журналист Исмаил Мамытовдун "Кыздарды аздектейли" конкурсуна жазылган дил баянын сунуштайбыз.

Автор жакында өзү күбө болгон окуяны сүрөттөгөн. Ата болгон жаш жигиттин жан дүйнө жаңырыгын кагазга түшүрүп, кандан жаралган баланын, кыз баланын анын аркы жашоосуна тийгизген таасирин, чачкан жарыгын жазыптыр.

Мындан туура 25 жыл илгери 18-октябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында кызыл эт балапан жарык дүйнөгө келген. Жарык дүйнөгө жаңы баланын келиши менен ошол айылдын бир тургуну о дүйнөгө узаган. Ал адам менин апам эле. Төрөттөн тирүү чыкпай, жанын мага берди да, үзүлүп кете берди…

Атамдын апама болгон сүйүүсү чексиз, урматы бүтпөс болгондуктан башка аял менен баш кошподу. Туугандар канча ирет аракет кылганы менен беттегенин бербей, көк таштай көгөрдү. Акырындап туугандардын да деми басылып, үмүтү үзүлдү. Ошентип атам экөөбүз ээрчишип, тагдырдын татаал ашуусунда жалгыз калдык. Атакем, атоом… байкушум менин. Жалындаган жаштыгын, өмүрүн мага арнады. Жалгыз баласы болгондуктан үзүлүп түшүп, бар тапканын бапырап мага алып келет. Жанынан карыш жылдырбай, бооруна кысат. Мээримин төгүп, эркелетет. Бирок эмнегедир кысылып, кыйнала берем. Бир нерсе жетишпей турат…

Жетиге чыкканымда жетелеп мектепке алып барды. Терисине батпай кубанып, кудуңдап алган. Көчөдөн өткөн адамдардын баары менен ийилип учурашып, тамашага салат. Каткырып күлөт. Өзүн ааламдагы эң бактылуу адам сезип, булуттун үстү менен басып бара жатты. Класстагы эң алдыңкы партага отургузуп, "жарыгым, жакшы оку" деди да чыгып кетти. Бир сааттан кийин мугалим эжеке баласын жетелеп келип мени тургузду да ордума баласын отургузуп, мени болсо эң акыркы партага жылдырып койду.

Мектепке чейин атамдын жанынан чыкпай жүрө бергендиктен эне деген ким экенин, мээримдүү, күйүмдүү жан болорун классташтарымдын апаларын көрүп билдим. Менин ордумду алып койгон баланын апасы, класс жетекчибиз уулун эркелетип, бөпөлөп жатканда мага ушунча жылдан бери эмне жетпей жатканын түшүндүм. Бир ирет ошол бала менен уруша кетип, аны апасы чекесинен сылап, көзүнүн жашын аарчыганда, мени урушуп класстан чыгарып койгондо… жүрөгүм канап, көздөн жаш чыкпай калганча боздодум. Шолоктоп ыйлап атама келсем "Эркек бол! Экинчи жашыңды көрбөйүн!" деп урушту. Көздөгү жаш тыйылган менен жүрөктүн жашы тыйылбады. Өзүмө өзүм батпай, өзөгүм өрттөнүп, жан дүйнөмдөгү бүлбүлдөп жанып турган жарык жалп этип өчтү. Ошондон кийин жашымды атама көрсөткүс болдум. Атам болсо мен 3-класс болгондо "Кумтөргө" айдоочу болуп ишке кирди. 15 күн үйдө, 15 күн "Кумтөрдө" болот.

Кычыраган кыш. Айылдын ортосунда сырты акталбаган, салынгандан бери оңдолбогон үй турат. Короосу эбак эскирип, казыктары чирип бүткөн. Тийип койсо эле кулап кетчүдөй болуп тандыр араң гана карды көтөрүп турат. Көп жылдан бери очокко от жагылбагандыктан иттин уясына айланган. Терезеден эптеп эле кирген жарыктын нуру болбосо, үйдүн ичи күңүрт караңгы. Үч күндөн бери от жагылбагандыктан муз менен таш. Эшик акырын ачылып, жүдөгөн бала чыкты да, башын жерге сала жалгыз аяк жол менен мектеп тарапка жөнөдү.

Эненин жытына, мээримине, жылуулугуна зар болуп жүрүп жетилдим. Түнт, кепке кемтик, сөзгө мокок, тартынчаак болуп чоңойдум. Мектепти бүткөн соң атамдан алыс кетпейин деп Караколго эле окууга тапшырдым. Атамдын суранганы болбосо окууга деле каалоом жок эле. Ошентип студенттик жашоо башталды. Арадан билинбей эле беш жыл өттү…

Коендой окшош күндөрдүн биринде жумуштан чыгып, жолдон өтүп бара жатсам артымдан кара нерсе келип тарс деди. Көзүмдөн от чагыла түшүп, эсимди жоготтум. Көзүмдү ачсам маңдайымда жаркыраган, жагымдуу кыз турат. Жүзүнөн жарык нур чачырап, көздөрү жымыңдайт. Кудум кол менен жасап койгондой сулуу. Мени карап жылмайды эле ушунча жылдан бери муздап турган жүрөгүмө жылуулук кирип, бир кезде өчкөн жарык нур күйгөндөй болду. Көрсө, мени унаа сүзүп кетип, айдоочу кыз мага жардам берип жаткан экен.

Айгерим ооруканага күн узабай келип тургандыктан бат эле тил табыша кеттик. Абдан жөнөкөй, ыймандуу кыз экен. Жараткан мени аяды окшойт, Айгерим менен алгач дос, кийин кыз-жигит болуп кеттик. Ошондон тартып жашоом 180 градуска өзгөрдү. Көрсө, жашоо керемет тура! Күн узабай жолугуп, эркелешип, эзилишип басабыз. Сүйүүгө тойбой, махабатка мас болобуз. Абанын таттуулугун, күндүн жылуулугун, жашоонун жыргалын Айгеримдин арты менен сездим. Кыз жандап калган соң элге окшоп жасанып кийинип, чачты суулап тарап калдым. Түнт мүнөзүм өзгөрүп, көкүрөктөгү казынам ачылды. Жыл узабай ак жоолук салып, түбөлүккө бир болууга бел байладык. Периштемдин келиши менен үйүбүзгө жарык, жылуулук кирди. Береке менен ырыскы конду. Короо-жай оңдолуп, очокко от жагылды. Атамдын маанайы көтөрүлүп, мурункудай көп оорубай калды.

Бүгүн 18-октябрь. Мен жарык дүйнөгө келген, апам каза болгон күн. Мындан ары кайгырууга, азап чегүүгө чекит коюлган күн. Анткени бүгүн мен карлыгачымды, кызыл тузум кызымды койнума алып алгачкы ирет ата болуп турам. Мен бүгүн кайрадан төрөлүп жатам. Периштемди колума алып, буга чейинки эски жашоомду бир эскерип алып, андан соң аны менен кош айтышып турам.

P.S Сүйүүнүн отун тамызган, жашоого жарык нур берген аялзаты, бар болуңуздар. Сиздер бар жашоо жарык, күн нурлуу, аалам сулуу.

1091
Белгилер:
өмүр, сүйүү, Ысык-Көл
Тема боюнча
Уулга карата 8 "болбойт". Атасынын көзүнчө эмне кылбаш керек
Бала маркум апасын унута албай койду... Психологдун маеги
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

7
(жаңыланган 21:07 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта ишембиде күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Беткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

7
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

13
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

13
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт