Балага эшигиңди ач! Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн долбоор ишке кирет

Жазылуу
Долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө баш багат

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоого арналган "Балдарга эшигиңди ач" долбоору ишке кирет.

18-декабрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исанакунова, акыйкатчы Кубат Оторбаев жана БУУнун Балдар фондусунун жетекчиси (ЮНИСЕФ) Юкиэ Мокуо мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйүнө баш багышат. Ошол жерден долбоордун ачылышын жарыялап, ишке ашуу этаптары тууралуу маалымат беришет.

Долбоордун биринчи этабында өлкөдөгү 60 миң кардары бар банктардын бири мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата мамилени өзгөртүп, аларды коомдогу тең укуктуулардын катарына кошуу тууралуу маалымат таркатат.

"Кампаниянын материалдарды өлкөдөгү бардык банктарда болот. Ошондой эле LED-экрандары аркылуу көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Кыргызстанда эки миллионго чукул өспүрүм жашаса, анын 29 миңинин мүмкүнчүлүгү чектелген. Маалыматка ылайык, алар күн сайын психологиялык тоскоолдуктарга учурайт, башкача айтканда үйдөн чыкпагандыктан билим алууда, медициналык жана социалдык жардам алууда ыңгайсыздыктарга кабылышат.

2014-жылы 12-декабрда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арнап, үй-бүлөгө ылайыкташтырылган биринчи мекеме ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0