Кайненем чачыман сүйрөп... Кайындары менен чогуу турган келиндин муңу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Психолог менен баарлашуу" рубрикасында адамдар кабылган оор жагдайлар жана абалдан чыгуу жолдору тууралуу баянын улантат

Бүгүн кайын журту менен бирге жашаган келиндин арыз-муңу жазылган катты сунуштамакчыбыз.

Мен 22 жаштамын. Бир жыл мурда турмушка чыгып, жолдошум үйдүн кичүү баласы болгондуктан кайната-кайненем менен чогуу турабыз. Үй-бүлөдө бардык маселелерди ата-энебиз чечет. Керек болсо эмне тамак жасап, үйгө эмне сатып алууну, кайда барып, кимди чакырыш керектигин айтып турушат. Менин бул үйдө эч кандай укугум жок. Күйөөмдү аябай жакшы көрөм, бирок кайненемдин жанында эч нерсеге сөзү өтпөй, унчукпай калат.

Женщина с ребенком - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн экинчи аялы бар экенин билгенде... Келиндин каты
Өткөндө манты жасайын дедим. Кайненем эмне кылды дебейсизби? Түйүп койгонумдун баарын чогултуп салды. Эч нерсе жасай албасымды айтып, ээнбаштанбай алгач эмне тамак жасоо керектигин сурашымды талап кылып, кыйкырып-өкүрүп абийиримди кетирди. Кайненем менен кантип тил табышуум керектигин билбей башым катты… Биз баш кошконго чейин бул аялды көп билчү эмесмин. Мындай ажаан экенинен кабарым болгондо, өзүнчө жашоого аракет кылмак экенмин.

Бир жылдан бери боюма бүтпөй жатканын айта берип кулагымдын кужурун алды. Согончогум канабаса үйдөн кууп иет имиш. Бул дагы эч нерсе эмес… Кечинде жолдошум экөөбүз бөлмөбүздө жатсак, бир нерсе издеп жаткандай түр көрсөтүп эшикти тыкылдатпай эле кирип келет… Кайнатам да эптеп эле бир жан да, аялынын көзү жокто гана баатыр. Буларды күйөөмө айтсам, "аша чаппачы…" деп кутулат.

Бир жолу дагы урушуп жатканда чыдабай кетип каяша айттым. Жаныма учуп жетип чачыман алып сүйрөй баштады. Жолдошум араң арачалап калды… Ушундан кийин ата-энемдикине кетип, күйөөмө же өз бүлөңдү, же ата-энеңди танда деп талап койдум. Албетте, менин деле толуп жаткан кемчилигим бар, бирок киши катары көрбөгөн мамиле жаныма батып кетти. Бир жума мурда боюмда бар экенин билдим, азырынча жолдошума айта элекмин. Ал менин кайтуум керектигин, ата-энеси ооруп жатканын айтып жалооруйт. Мен болсо аларды көрөйүн деген көзүм жок… Эмне кыларымды билбейм — же ажырашып боюман алдырышым керек, же баягы тозокко кайтышым керек…

Илдар Акбутин, психолог

© Sputnik / Жоомарт УраимовПсихолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин
Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин - Sputnik Кыргызстан
Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин

Ооба, сиз айтып жаткан нерсени бактылуу жашоо деп айта албайсың. Жолдошуңуздун сизди энесинен калкалоого кудуретсиздиги — жакшы көрүнүш эмес. Мындан улам өзүңөрчө түтүн булатканыңар мыкты чечим болмок, анткени күйөөңүздөн көңүлүңүз калбаптыр, кош бойлуу да экенсиз.

Аялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративндик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум балдардын көзүнчө сабайт, коркутат... Кантип ажырашам?!
Мени "боюман алдырсамбы" деген кебиңиз ойго салды. Башыңыздан кечирип жаткан окуяларга төрөлө элек наристенин кандай тиешеси бар? Жолдошуңуз энесинин сөзүн сүйлөп, эки ача жолго түшкөн күндө да баладан арылып, көздөгөнүңзгө жетесизби? Азгырык сезимдерге алдырбаңыз, чечим чыгарууга шашпаңыз, сөз сиздин балаңыздын жашоосу тууралуу болуп жатат го. Жолдошуңуз кош бойлуу экениңизди билиши керек, анын укугу бар. Анын үстүнө мындай жакшы жаңылык туура багытты тандап алууга негиз болуп берет.

Сиз ушу тапта жашооңуздагы маанилүү учурду өткөрүп жатасыз. Жаш кезде мындай татаал маселелерди жалгыз чечүү оор экенин жакшы түшүнөм. Жолдошуңуз, өз ата-энеңиз менен жай сүйлөшүп көрүңүз, чогуу-чаран туура жол тандап аларыңызга ишенем.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0