Facebook компаниясы соцтармактар адамга зыяндуу экенин мойнуна алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, интернет аркылуу башка адамдардын жакшы жашоосун көрүү, өзүнүкү менен салыштыруу — колдонуучулардын психологиялык абалына терс таасир этет

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Социалдык тармактардан жаңылыктарды окуу адамга зыян алып келерин Facebook компаниясынын изилдөөчүлөрү аныктап чыкканын РИА Новости агенттиги жазды. 

"Олуттуу маселе: соцтармакта убакыт өткөрүү бизге зыян алып келеби" деп аталган макалада Facebook компаниясынын Дэвид Гинзберг жана Мойра Бурке аттуу иликтөөчүлөрү соцтармакты жөн гана барактап чыгуу адамдын маанайын түшүрөрүн аныкташканы айтылат.

"Мичиган университетинин студенттери арасында эксперимент жүргүзүлгөн. Анда катышкандардын бир бөлүгү жөн гана социалдык тармактарды барактап, экинчиси постторду жарыялап, чат аркылуу достору менен сүйлөшүшкөн. Жыйынтыгында биринчи топтогу студенттердин кечке маал маанайы түшүп калганы байкалган", — деп жазылат макалада.

Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, интернет аркылуу башка адамдардын жакшы жашоосун көрүү, өзүнүкү менен салыштыруу — колдонуучулардын психологиялык абалына терс таасир этет.

Жаңылыктар түрмөгү
0