Соцтармак кызыктары: так секире бийлеген Садык Шер-Нияз, кытайларды ыйлаткан Димаш

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное открытие VII Международного кинофестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов" в Бишкеке
Торжественное открытие VII Международного кинофестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жумада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди. Ал эми элге көтөрүңкү маанай тартуулаган "Жарайт сити" көрөрмандары менен коштошту.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Артта калган аптада өлкөгө чыныгы кыштын деми кирип келип айлана бубактап, ак түскө боёлду. Интернет айдыңына болсо адаттагыдай эле реалдуу жашоодогу орчундуу окуялар жарыяланып турду. Sputnik Кыргызстан агенттиги апта ичиндеги кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Орус балдары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуду. 12-декабарда залкар жазуучунун туулган күнү бир нече мамлекеттерде белгиленди. Үлкөн жазуучунун көзү тирүү болгондо бул күнү 89 жашка чыкмак. Россиялык балдар улуу инсандын "Аскада калган аңчынын ыйы", Ак кеме" жана "Саманчынын жолу" чыгармаларын көркөм окушкан.

2. Кино жылдыздары лезгинканы бийлеп... Кино чеберлери Назира Мамбетова, Садык Шер Нияз, Айбек Дайырбеков жана Бакыт Ниязалиевдер так секире лезгинка бийлешти. Бул видеону кино режиссер Эрнест Абдыжапаров Instagram баракчасына "Фестивалдын ачылышында" деп жазып жүктөгөн.

3. Кытайлыктарды чаңырткан Димаш! Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов өнөрү менен кытайды багындырууда. Буга видеодогу күйөрмандарынын кыйкырык-сүрөөнү, көз жашы далил боло алат.

4. Окуучудан "ода". "Шайланып мандат алган соң, эс алып кетет Дубайга" деген ыр саптары менен "чоңдорду" сындаган окуучунун видеосун Үлан Үсөйүн Facebook тармагына жүктөгөн. Бул видеону 620 адам бөлүшкөн.

5. Англисче ыр комузда жаңырып. Дүйнөлүк хитке айланган Jingle bells атуу жаңы жылдык ырды кыргызстандык жеткинчектер комуз менен добулбаста жаңыртты. Жаш комузчулар  ошентип, көрүүчүлөрүнө Жаңы жылдык маанай тартулашкан.

6. Теле алып баруучу Канышай Рысбекова турмушка чыкты. Эки жаштын үлпөт тою шаршемби күнү борбор калаадагы ресторандардын биринде  өттү. Видеодон эки жашка суктануу менен карап отурган Асел Кадырбекованын да эртең турмушка чыгам дегенин көрүүгө болот.

7. Милиционерге "олжо" болуп калба. Айдочулар Жаңы жылдын эртеси абайлаңыздар! Болбосо минтип жол сакчыларына тартууланган белек болуп калышыңыз мүмкүн. Вайнерлер милицонерлердин кубануусун ушундай бир чагылдырыптыр.

8. Жарайт сити коштошту. Элди күлдүрүп жүргөн шайырлар эмнеге ыйлап жатат деп таң калбаңыз. Анткени алар үч жылдан бери жакын, өз болуп калган күйөрмандары менен коштошуп жатат. "Жарайт сити" кечээ соңку видеосун чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0