Бишкек, Ош жана Сокулукта бир нече күнгө газ өчөт

© REUTERS / Nigel Roddis / Illustration / File PhotoГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүйдүн айрым аймактары менен Ош шаарында бир нече күнгө көгүлтүр от жок болот

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек, Ош шаарларынын жана Сокулук районунун айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

Көгүлтүр от төмөндөгү райондордо өчүрүлөт:

— 18-декабрда Ош шаарынын Төлөйкан кичи районунда;

— 18-19-декабрь күндөрү Сокулук айылынын Киров, Железно-Дорожная, Вишневая, Луговая, Речная, Южная, Солнечная, Московская, Победа, Полевая, Юбилейная, Ленинград көчөлөрүндө жана Москва тар көчөсүндө;

— 18-22-декабрда Бишкек шаарынын Махатма Ганди, Саадаев, Ак-Тилек көчөлөрүнүн жана ЧЧК каналынын ортосундагы аймакта, Мыскал, Сейил, Пригородная, Малышева, Күрөңкеев көчөлөрүндө, Илийский, Беломорский тар көчөлөрүндө жана Кара-Жыгачта;

— 19-декабрда Ош шаарынын Киров көчөсүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0