Кошкула, жакшылар! 40тын кырында дүйнө менен кош айтышкандардан тарта...

Жазылуу
Узап бара жаткан 2017-жыл адам өмүрү боюнча саресеп сала келгенде катаал болду. Улгайгандар кетти, аксакалдар узады, өкүнүчтүүсү "селт" эттирип, 40, 43, 45, 47 жаштагылар биринин артынан бири дүйнө салышты. Sputniк Кыргызстан быйыл көз жумган ажарлуу, таланттуу, кыйын, мыкты атактууларды тизмектеди.

© Фото / Заир ИсаковБелгилүү режиссер, публицист, Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев
Режиссер, публицист и генеральный секретарь Федерации кок-бору КР Темир Дуйшекеев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү режиссер, публицист, Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев
7-январь. Белгилүү режиссер, публицист, Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев 74 жашында узакка созулган оорудан каза тапты. Ал режиссерлуктан сырткары, кинокартиналардын сценарийлеринин редактору да болуп эмгектенип келген. Мындан сырткары, "Көк бөрү" федерациясынын түзүлүшүнө, бул оюндун эрежелеринин иштелип чыгышына, дегеле көк бөрүнүн атагын чыгарып анын таралышына чоң эмгек жасаган. 
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов
Председатель Национальной  комиссии по государственному языку при Президенте КР Эгемберди Эрматов - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов

24-январь. Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов 66 жаш курагында дүйнө салды. Ал 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2013-жылдан 2016-жылдын аягына чейин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген. 

© Фото / Данияр ДжаркымбаевКомпозитор Азат Дөөткулов
Композитор Азат Дооткулов - Sputnik Кыргызстан
Композитор Азат Дөөткулов

13-апрель. Композитор Азат Дөөткулов узакка созулган оорудан көз жумду. Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган. Акыркы мезгилде мамлекеттик "Учур" жаштар театрында эмгектенип келген. 

© Фото / Данияр ДжаркынбаевКыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Бөкөнбай Боркеев
Известный журналист Боконбай Боркеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Бөкөнбай Боркеев
10-май. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Бөкөнбай Боркеев 69 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза тапты. Ал Кыргызстандагы бир нече гезит-журнал, радио жана телеканалдарда иштеп, элге жазуучу жана котормочу катары да кеңири белгилүү болгон. 
© Фото / Ulukbek AskarbekovФилософия илимдеринин доктору, Гүлмира Мамбеталиева
Вице-президент по социальным вопросам ассоциации Дордой Гульмира Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Философия илимдеринин доктору, Гүлмира Мамбеталиева

25-апрель. Философия илимдеринин доктору, Гүлмира Мамбеталиева 61 жаш курагында оорудан көз жумду. Кайрымдуулук иштери менен да алектенип келген философия илимдеринин доктору Мамбеталиева "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти болчу. Ал жеке ишкер Аскар Салымбековдун жубайы эле. 

© Фото / официальный сайт НАН КРБелгилүү окумуштуу, КРдин Эл мугалими, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Өзгөрүш Шаршекеев
Заслуженный деятель науки КР, известный учёный Озгоруш Шаршекеев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү окумуштуу, КРдин Эл мугалими, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Өзгөрүш Шаршекеев

7-июнь. Белгилүү окумуштуу, КРдин эл мугалими, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Өзгөрүш Шаршекеев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум космосту изилдөө багытында илимий иликтөөлөрдү жүргүзгөн саналуу кыргыз окумуштууларынын бири эле. Анын 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинен үч монография жана кыргыз тилинде жазылган орто мектептин окуучулары үчүн бир катар окуу китептери жарыкка чыккан. 

18-июнь. Журналист Келдибек Назиров 17-июнь күнү 52 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Саясат, экономика жана социалдык темаларга көп кайрылган Назиров "Агым", "Де-факто", "Жаңы ордо" сыяктуу гезиттерде эмгектенген. 2016-жылга чейин "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы бир жылда ден соолугуна байлаштуу эс алууда жүргөн. 

© Фото / Ашыркул ОморовМамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева
Дочь председателя Совета народных комиссаров Кыргызстана Баялы Лариса Исакеева - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева

29-июнь. Мамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева 83 жашында дүйнө салды. Кезегинде "эл душманы" аталган кишинин кызы атасынан ажырагандан кийин балдар үйүндө тарбияланган. Исакеева Кыргызстандагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин директору болуп 17 жыл эмгектенген. 

© Фото / Ринат МурзаевКомузчу Канат Токтобек уулу
Комузист Канат Токтобек уулу - Sputnik Кыргызстан
Комузчу Канат Токтобек уулу

30-июнь. Жаштайынан комуздун күүсү менен өсүп, өнөрү аркылуу өргө чыгып келе жаткан таланттуу Канат Токтобек уулу капыстан каза болду. Өнөрпоз болгону 20 жашта болчу.

10-июль. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев оорудан каза болду. Ал Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында 10 жылдан ашык эмгектенген. Назаралиев "Достор", "Президент жана бомж" тасмаларына тартылып, селсаяктын ролун ойногон. Актер Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылында 1951-жылы туулган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Теледиктор, кыргыз дикторлорунун устаты, кыргыз радиосунда көп жыл эмгектенген Абилезим Ниязов
Известный диктор Абилезим Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Теледиктор, кыргыз дикторлорунун устаты, кыргыз радиосунда көп жыл эмгектенген Абилезим Ниязов

18-август. Теледиктор, кыргыз дикторлорунун устаты, кыргыз радиосунда көп жыл эмгектенген Абилезим Ниязов 88 жашында дүйнө салды. Бул тармакта 40 жылдан ашуун эмгектенген. Ал президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун атасы. 

© Фото / Макал АртБелгилүү ырчы Элмира Кайып кызы
Эстрадная певица Эльмира Кайып кызы. Фото со страницы Facebook Макал Арт - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы

31-август. Белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы 43 жашында ооруканада көз жумду. Кайып кызы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияны жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Чыгармачылык жолунда "Ак куулар сени сагынар", "Калды эсимде", "Булбулум" аттуу чыгармаларды аткарып элге таанымал болгон. Ырчынын артында бир кызы калды. 

© Фото / Айзуура ИманалиеваБелгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызы
Известная певица и ведущая программы Сармерден Гулбу Ороскул кызы - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызы

6-октябрь. Белгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызы 41 жашында оорудан улам көз жумду. Артында эки кызы калды. Гүлбүбү Ороскул кызы Кыргызстандагы өнөрлүү ырчылардын бири болгон. Ал ырчы Гүлзат Батырканова каза тапкандан кийин "Сармерден" долбоорунун "шайыр жеңеси" болуп, алып бара баштаган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жаназасы
Панихида и похороны Темира Джумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жаназасы

7-октябрь. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров кызматтык сапарга чыгып, жол кырсыгынан каза тапты. Вице-премьер бараткан жолтандабас жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жумакадыров менен бирге анын жардамчысы жана айдоочусу да набыт болгон. Ал болгону 38 жашта эле… 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКөрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова
Дочь известного советского партийного деятеля Ленина Абдрахманова - Sputnik Кыргызстан
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова

20-октябрь. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова дүйнө салды. Жусуп Абдрахманов В.И.Лениндин урматына кызын Ленина деп атаган. Абдрахманова атасынын даңктуу ысымын кастарлап, татыктуу өмүр сүрдү. Эмгек жолун гальваникалык өндүрүштө карапайым жумушчу катары баштаган. Өз эмгеги менен бийик даражага жетип, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев
Депутат Улан Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
"Республика — Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев

11-ноябрь. "Республика — Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев 40 жашында көз жумду. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеев
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеев

8-декабрь. КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеев оорудан, 47 жашында дүйнө салды. Козукеев аталган драма театрдын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, кыргыз-түрк "Манас" университетинде да окутуучулук кесипти аркалаган. 

© Фото / Facebook / Мурадил СагыналиевБелгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев
Руководитель группы Эл шайырлары Мурадил Сагыналиев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев

14-декабрь. Белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев өнөкөт оорудан каза тапты. Кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык эстрада-фольклордук студиясын ийгиликтүү аяктаган ырчы алгачкы өнөр жолун Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунда артист болуп баштаган. Ошондон бери аталган фольклордук топтун көркөм жетекчиси болуп иштеп жаткан. Чыгармачыл жолун филармониядан баштап, өмүрүнүн 25 жылын аталган жайда өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0