39 миң сомдук шампан! Жаңы жылга 500 сомдон 1000 долларга чейинки белектер

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖаңы жылга карата кооздолгон дүкөн. Архив
Жаңы жылга карата кооздолгон дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге гаджеттер, лыжа жабдыктары, китеп, ысык өлкөлөргө жолдомолор да кошулду. Жакындар, достор жана кесиптештерге 500 сомдон 1000 долларга чейин турган кандай белектерди даярдоого болорун Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы шаар тургундарын жана ар кандай дүкөндөрдүн сатуучуларын сурамжылай, алардын жоопторуна саресеп сала бул акчага келчү белектердин тизмесин түздү.

500 сомго кандай белек берүүгө болот?

1. Таттуу. Таттуулар толтурулган кооз куту же каптар адатта балдарга тапшырылат. 500 сомго момпосуй, жер-жемиш жана жаңгак түрүн өзүңүз деле даярдап, же болбосо, өлкөнүн бардык – чоң да, майда да дүкөндөрүнөн таттуу белектердин дайын кутудагыларынын түркүнүн таба аласыз.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда 7 күн эс алуу сунушталды
2. Акылдуу телефондорго кошумча жабдыктар. Кулакка таккычтар, кубаттагычтар жана Power Bank ар бир адамга пайдалуу белек болушу мүмкүн. Ушундай эле суммага мобилдик телефондун тышкабын да табууга болот.

3. Косметика жана териге кам көрүүчү каражаттар. Мындай белектерди көбүнесе айымдар айымдарга гана берет. Себеби, ар бир эле мырза косметикалык каражаттардын түрүн тааныганы менен мактана албайт эмеспи. Сымбаттоочу косметиканын түрүн тандоого аракет кылыңыз — кирпик боегуч, кашты калыбында кармооч же колдун терисин жумшартуучу крем кышкы убакта зарыл нерселер. Ошондой эле корей өндүрүшүндөгү жүз же дене үчүн чайынма каражаттарын да белек кылууга болот.

4. Китеп. Китеп — эң мыкты деп атала турган, салыштырмалуу арзан белек. Ылайыктуу китепти бир катар белгилери: анык бир автору, жанры, актуалдуулугу жана мукабасынын кооздугу боюнча да тандоого болот. Ошентсе да, китеп белек алган кишиге жадатма болбошу үчүн адегенде анын адабияттагы жактырган багытын билип алууңуз зарыл. Ага кошумча китеп беттеринин арасына коюлчу тасманы өз колуңуз менен жасасаңыз болот.

Ярмарка елочных игрушек в ГУМе - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы жылдык жарманке ачылат
5. Алкоголдук ичимдиктер. Эгер Жаңы жылга саналуу сааттар калып, дагы да белек ала элек болсоңуз, анда шампан, коньяк же шарап – мыкты чечим. Жергиликтүү өндүрүштөгү алкоголдук ичимдиктер 250дөн 450 сомго чейин турат. Алтургай, шоколадга да акчаңыз артат.

6. Идиш-аяк жана ашкана эмереги. Тиричиликтеги зарыл оокаттар да кеңири таралган белектер. Кыргызстандыктар кружка, термос, ашкана бычагы же меште нан түрүн даярдоочу силикон кабы эч качан ашыктык кылбайт деп эсептейт. Мындай пайдалуу, зарыл белектерге орточо 500 сомдун тегерегинде сарптайсыз.

1000 долларга эмне белек аласыз?

1. Жаңы жылдык эс алууга жолдомо. Кышында туристтик компаниялар деңиз жээгиндеги жайларга жолдомолордун чоң тандамын сунуштайт. Маселен, жакын адамыңыз менен Дубайда 920 долларга бир жума ырахаттана эс алсаңыз болот. Эгер деңиз жана дүйнөнүн эң саркеч шаарларынын бириндеги дүкөн кыдырмай кызыктырбаса, анда 330 еврого Праганын орто кылымдагы сепилдеринде ачык абада сүрөткө түшүп, чыныгы чехиялык сырадан татып кайта аласыз.

2. Apple өндүрүмдөрү. Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 80 пайызы 1000 долларга Apple компаниясынын гаджеттерин белекке алууну туура көрөт. Биздикилер Iphone 8, Iphone X, Apple Watch жана акырткы муундагы Ipadды айрыкча жактырышат. Эгер ашыкча миң долларыңыз болсо, белек тандоодо баш катырбайсыз.

3. Лыжа жабдыктары. Соңку беш жылда тоо (лыжа) спорту кеңири жайылып барат. Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 30 пайызы белекке – лыжа, кышкы спорттук (лыжа) бут кийим, шлем (лыжа баш кийими) же сноуборд алууну каалашат. Мындай топтом 50 миң сомдон жогору турат.

Женская исправительная колония № 2 в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл алдында муктаждарга кантип жардам беребиз? Кайрымдуулук фонддордун тизмеси
4. Зер буюмдары жана саат. Жаңы жылдык балатынын алдынан адатта аялзаты алтын жана күмүш табышат. Алардын наркы капчыктын көлөмүнө жараша. 1000 долларга алмаз таштуу кулон, ал эми мырзага Calvin Klein, Louis Erard жана Philipp Plein үлгүсүндөгү билек сааты – орточо 25 миңден 70 миң сомго чейинки баада.

5. Жогорку үлгүдөгү (класстагы) алкоголь. Чөнтөктө 1000 доллар турса, ой-чабыт да жогору эмеспи. Кайрадан эле кызытуучу ичимдиктер сизге көмөкчү болот. Мынча каражатка жакыныңыздын ичимдиктер коллекциясын толуктай аласыз. Маселен, 1998-жылкы Dom Perignon P2 Vintage бир бөтөлкө шампаны 39 миң сом, ал эми отуз жылдык Ballatines вискиси — 28 миң 900 сом турат.

6. Каражат. "Миң доллар тегерегинде кандай белек алгыңыз келет?" – деген суроого биздин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү: "1000 долларга мыкты белек — бул 1000 доллар" – деген жооп узатышты. Кай бирөөнө насыясын жабууга, кимдир-бирөөгө бул акча автомобиль алууга жетпейт, дагы башкасы бул акчага университеттеги контракт акысын төлөп алгысы келет. Бул фактыны эске алып, көпчүлүк көксөгөн 1000 долларды белек катары аппак конвертке салып, жакыныңызга тапшырсаңыз — жаңылбайсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0