Түрк полициясы тарабынан сабалган кыргызстандык аял үйүнө келди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял 5-октябрь күнү Анталья шаарында тартип сакчылары тарабынан ур-токмокко алынган

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Түрк полиция кызматкерлери тарабынан сабалган кыргызстандык келин мекенине кайтып келгенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аял 5-октябрь күнү Анталья шаарында тартип сакчылары тарабынан ур-токмокко алынган. Айып тагылган полиция кызматкерлери дароо жумушунан четтетилип, учурда сот иши жүрүп жатат.

"Тиешелүү процедуралардан кийин кыргызстандык жаран Стамбул аркылуу Бишкекке 17-декабрь күнү келди. Учурда жакындарынын жанында", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги окуядан кийин жабырлануучу, анын дарыгери жана Бишкектеги тууган-уругу менен дайым байланышта болуп турганын маалымдады. Элчилик менен башкы консулдуктун өкүлдөрү 2018-жылдын март айына пландаштырылган кийинки сот отурумдарына катышып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0