БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын эң купуялуу, сырдуу кызматы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 99 жыл толду. Андыктан аталган комитет тууралуу кызыктуу факты даярдадык.
2. Атайын кызматка канча каражат бөлүнөрү жана алар эмнеге коротулары сыр катары сакталат. Ошондой эле ИИМдин, Чек ара кызматы менен Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин бюджети канча экени ачыкка чыгарылбайт.
3. УКМКнын "ата-теги" деп 1918-жылы 20-декабрда түзүлгөн Пишпек уездинин тергөө комиссиясын айтууга болот.
4. Болочокто чекист болом дегендердин алды жогорку билимдүү, арты жок дегенде толук төрткө окушу керек.
5. УКМКнын азыркы жетекчиси Абдил Сегизбаев мындан 14 жыл мурда Аскар Акаевдин маалымат катчысы болгон.
6. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин 30 жылдан ашык жетектеген Жумабек Асангулов атайын кызматтын арасынан биринчилерден болуп "СССРдин ардактуу чекисти" наамына татыган. Ал согуштан кийинки кыйын кезең маалда кооптуу топторду жок кылуу операцияларына катышкан.
7. 2011-жылдын кышында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде жаңы эки бөлүм ачылган. Алар — террорго каршы күрөшүү бөлүмү жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.