Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты

Нарындагы памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселеси каралууда

452
(жаңыланган 14:22 21.12.2017)
Этникалык кыргыздардын бирине социалдык паспорт толтурулган

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты
    Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты
    © Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития
  • Мамытова этникалык кыргыздардын жашоо шарты менен таанышып, ар бир үй-бүлө менен аңгемелешүү өткөргөн
    Мамытова этникалык кыргыздардын жашоо шарты менен таанышып, ар бир үй-бүлө менен аңгемелешүү өткөргөн
    © Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития
  • Ал эми Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Сейдилдаев ар бирине социалдык паспорт толтурулуп (башка өлкөнүн жарандарнынын өздүгүн тактоочу документ), тынымсыз жардам көрсөтүп туруу үчүн социалдык кызматкерлер бекитилгенин билдирген.
    Ал эми Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Сейдилдаев ар бирине социалдык паспорт толтурулуп (башка өлкөнүн жарандарнынын өздүгүн тактоочу документ), тынымсыз жардам көрсөтүп туруу үчүн социалдык кызматкерлер бекитилгенин билдирген.
    © Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития
1 / 3
© Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты

Мамытова этникалык кыргыздардын жашоо шарты менен таанышып, ар бир үй-бүлө менен аңгемелешүү өткөргөн.

Ал эми Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Сейдилдаев ар бирине социалдык паспорт толтурулуп (башка өлкөнүн жарандарнынын өздүгүн тактоочу документ), тынымсыз жардам көрсөтүп туруу үчүн социалдык кызматкерлер бекитилгенин билдирген.

"Учурда паспорт жана балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары, мыйзам чегинде мамлекетик жөлөк пулдарды чегерип берүү каралууда", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

452
Белгилер:
паспорт, памирлик кыргыздар, Лунара Мамытова
Тема:
Памирлик кыргыздар (80)
Тема боюнча
Бишкектин "Ала-Тоосун" көрүп таң калган памирлик кыргыздардын видеосу
Техниканы үйрөнүп, салт менен таанышып... Памир кыргыздарынын Нарындагы жашоосу