Мамлекеттик мекемелер жаңы жылдык белектерге канча акча сарптайт? Тизме

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВыставка "Фабрика елочных игрушек" в Казани
Выставка Фабрика елочных игрушек в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл майрамы жакындаган сайын Мамлекеттик сатып алуулар порталында түрдүү белектердин тизмеси пайда болууда. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги 100 миң сомдон жогору акчага белек алып жаткан ведомстволорду тактап көрдү.

Өлкө казынасынан акча алып, аны белек алууга сарптап жаткан мекемелердин басымдуу бөлүгү кызматкерлеринин балдарына таттуу-тарапа алууга белсенген.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы — 1 миллион 680 миң сом

Жаңы жылга карата кооздолгон дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
39 миң сомдук шампан! Жаңы жылга 500 сомдон 1000 долларга чейинки белектер
Башкармалык 910 миң сомго Баткен жана Ош облусунан балдарды учак менен Бишкекке алып келип 1 миллион 680 миңге белек берүүнү пландоодо. Андан соң аларды кайра учак менен аймактарга жеткирет.

Ош шаардык суу чарба ишканасы — 375 миң сом

Муниципалдык мекеме жумушчуларынын балдарына 375 миң сомго жаңы жылдык белек тапшырат.

Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университет — 383 миң сом

Жогорку окуу жай студент жана мугалимдерге 305 миң сомго таттуу алууну пландоодо. Андан сырткары, жыл мыктыларына 78 миң 700 сомго 17 белек алат. Алардын арасында уюлдук телефон, электр чайнек жана китептер бар.

Сарай айыл өкмөтү — 232 миң сом

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтү 232 миң сомго 150 балага, 300 окуучуга жана 58 мугалимге жаңы жылдык белек сатып алат.

"Ош" бажысы — 145 миң сом

Мекеме кызматкерлердин уул-кыздарына 145 миң сомго белек алууну пландаган.

Мамлекеттик бажы кызматы — 111 миң 500 сом

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда 7 күн эс алуу сунушталды
Аталган ведомство кызматкерлердин балдары үчүн 111 миң 500 сомго тендер жарыялады. Бул каражатка 223 даана белек алып, анын ар биринде момпосуйдун 28 түрү болуусу зарыл.

"Манас" бажысы — 99 миң 999 сом!

"Манас" эл аралык аэропортунун "Манас" бажысы 99 миң 999 сомго момпосуй алат. Белектер бажычылардын балдарына тапшырылат.

Буга чейин балдарга белек алууга "Чакан ГЭС" ишканасы 233 миң сом, "Түндүк электр" компаниясы 2,7 миллион сом, "Альфа Телеком" ЖЧКсы (MegaCom) 223 миң сом, эл аралык "Манас" аэропорту 3 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, тендер жарыялаган.

Маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталынан алынды

Жаңылыктар түрмөгү
0